Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕБИ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 14-июнда Казакстандын Талды-Коргон шаарында Казак оппозициясынын көрүнүктүү лидери Алтынбек Сарсенбаев менен анын шоoпуру жана сакчысынын өлтүрүлгөнүнө байланыштуу сот процесси башталды. Февраль айында киши колдуу болгон бул адамдардын өлүмүнө Казакстандын Коопсуздук кызматынын тийешеси бар экени айтылат.

Сүрөттө : Казак оппозициясынын киши колдуу болуп каза тапкан көрүнүктүү лидери Алтынбек Сарсенбаев.

Сарсенбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Казакстан сенатынын администрация башчысы Йержан Утембаев баш болгон 10 киши айыпталууда. Тергөөнүн болжолунда, Утембаев Сарсенбаевди Сенаттын Жогорку мартабалуу өкүлүн сындаганы үчүн жок кылгысы келген жана анын буйругун Улуттук Коопсуздук кызматынын "Арстан" деген тобу ишке ашырган. Талды-Коргондун соту бул иштин артында жеке инсандардын ортосундагы касташуу турганын, же бул саясий киши өлтүрүү экенин аныктоого тийиш.

Бирок, Казакстандын оппозиция өкүлдөрү бул киши өлтүрүү Утембаевден алда канча жогору турган бийик мартабалуу адамдардын буйругу боюнча ишке ашырылганын, кезинде маалымат министри, андан соң Казакстандын Россиядагы элчиси болуп иштеген Сарсенбаевдин көзүн тазалоо буйругу президент Назарбаевдин жакын тегерегиндеги кишилердин колунан келгенин божомолдошууда. Казакстан коомчулугунда кеңири орун алган бул пикирди "Адилет" Казакстан кыймылынын өкүлү Толен Токтасынов мындайча ырастайт.

"Казак коомчулугун бул киши өлтүрүүгө президенттин үй бүлөсүнүн тийешеси барбы деген суроо түйшөлтөт. Маркумдардын жакындарынын адвокаттары президенттин кызы Дарига Назарбаева менен анын күйөөсү Рахат Алиевди, коопсуздук кызматынын башчысы Нартай Дутбаевди жана президенттин өзүн сурака алууну суранышкан. Бирок тергөөчүлөр аны аткарган жок",- дейт Токтасынов.

Казак коомчулугунда президенттин күйөө баласы Рахат Алиев Коопсуздук кызматынын чалгындоо бөлүмүнүн башчысын сала берип, өзү көлөкөдө кала берди деген пикирилер бар. Коопсуздук кызматынын офицери болсо бул чуулгандуу иштин артында Рахат Алиев тургандыгын бир нече жолу кыйытты.

Сот процессинин Алматыда эмес, Талды-Коргондо өткөрүлүп жатышы маркумдардын туугандарынын нааразылыгын жаратты. Сарсенбаевдин агасы жолдун кыйла алыс болгондугуна байланыштуу маркумдун үй бүлөсү сотко бара албай жатканын баяндайт.

"Бул жерде маркумдардын туугандарынын укуктары бузулуп жатат. Иш жүзүнө келгенде бизди сотко катышуу укугунан ажыратып олтурушат. Биз бир тууганбызды өлтүрткөн кишилердин көзүнө тике карап, алардын сотто эмне деп жооп айтаарын көргүбүз келет. Тууганбызды ошолор өлтүргөнбү, же бул иш башка кишилердин колунан келгенби,- билгибиз келет",- дейт Сарсенбаевдин агасы.

Талды-Коргондо башталган сот процессине Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун, чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү жана журналисттер катышууда.

XS
SM
MD
LG