Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

ЖАЛАЛАБАТТА МЕНЧИК ИМАРАТТАРДЫ ЭЭЛӨӨ ТОКТОЙ ЭЛЕК


Жалалабатта жеке менчик турак-жайлар менен мекемелердин имараттарын ээлеп алуу уланууда.Жергиликтүү тургундар мындай кадамын узак жылдардан бери уй-жайы жоктугу, турак-жай курууга жер берилбегени менен байланыштырышат.Облустагы бийлик башчылардын менчик имараттарга кирип алуу мыйзамсыз экендигин эскерткени натыйжа бере элек. Көкарт микрорайонундагы чала бүткөн эки турак үйдү 28-майдан бери 34 үй бүлө ээлеп турат, «Темир таш» акционердик коомунун эки имараттан турган короосун 12-июндан бери жүздөн ашык адам кайтарууга алып турат. Алар аталган имараттарды элге өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Жалалабаттагы «Темирташ» акционердик коомундагы эки кабаттуу үйдү 12-июнда 100дөн ашык адам өз ара бөлүштүрүп алган. Үйдө жашоого мүмкүндүк болбогондуктан алар ишкананын айланасындагы ачык жайларда, чарпаяда жатышат. Алардын башчысы Манас Бектурсуновдун айтымында, аталган имарат депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү. Депутатка таандык деп саналган мекемени ээлеп алууга Батыровдун өзбек тилине расмий тил макамын берүү демилгесин көтөргөнү шылтоо болду. Үй-жай маселесинин чечилбегени кошумча түрткү берди дейт Манас Бектурсунов:

- Жеке квартирада турабыз. Алдыбыз миң сомдон акча төлөйбүз. Жумушчулардын акциясынын акчасы кайра эле Батыров Кадыржанга тийиптир. Аскар Акаевдин убагында арзан баада мыйзамсыз сатылган.

Адам укугун коргоочу Абдималик Шарипов депутат Батыровдун демилгесин жактап чыккан.

Бирөөлөрдүн батирлеринде жашоо көкөйүнө тийген Апсатар Баймурзаев жарык-суусу, терезе-эшиги жок үйдү башкалар сыяктуу өзү бүтүрүп алууну чечкен:

- Ушуга окшогон объектилерди элге бөлүп бербейби, мындайдын канчасы турат. Бекер тургуча элдер ремонт кылып жашай берсин. Миң сомдон квартирага төлөгүчө 200 сомдон өкмөттүн пошлинасын төлөп ушул жерде жашай бергени жакшы эмеспи.

Турак-жай куруу үчүн жер алчулардын кезегинде турган Гүлипа Таштанова президент К.Бакиевден менчик үйлөрдү жакыр-жалчыларга өткөрүп берүүнү өтүндү:

- Жалалабатта жашаганыма 20 жылдан ашты. Жер алам деп ала албай жүрөм. Эжем каза болуп жетим балдар менин колумда. Бир комнатадан болсо да берсеңиз бизге окшогон көчөдө жүргөндөргө, ошондо биз жакырчылыктан арылат элек.

Юрист Нурбек Касымбеков үйсүздөрдүн менчик имаратты ээлегенин туура көргөн жок:

- Бул аткарылыш керек. Бийлик дагы ошого көмөк көрсөтүшү керек. Менчикке аракет кылып аткандар да мыйзам жүзүндө иштөөгө аракет кылышы керек.

Көкарт микрорайонундагы чала бүткөн эки үйдү 34 үй-бүлө 28-майда ээлеп алган. Алардын өкүлдөрү менен бейшемби күнү губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов жолугушту. 1-орунбасар аларга менчик имараттарды сотко берүү зарылдыгын, сот мамлекетке кайтаргандан кийин бош үй-жайлар муктаж кишилерге бөлүнөөрүн түшүндүрдү.

Жаныш Курбановдун айтымында депутат Кадыржан Батыров Жалалабатка келип, менчигин ээлеген шайлоочулары менен сүйлөшө элек:

- Эгерде сот Батыровдун алганын мыйзамсыз деп чечим чыгарып, мамлекетке өткөрө турган болсо, ошондон кийин комиссия түзүп эң жакыр, колунда жок өтө зарыл адамдарга берилиши мүмкүн. Барытов өзү мыйзамсыз алдыбы, мыйзамдуу алдыбы, ал элдин өкүлү, келсин да сүйлөшсүн.

XS
SM
MD
LG