Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Кыргызстан менен Россия учуу коопсуздугун камсыздоодо кызматташат


Мамлекеттик учактардын коопсуздугун камсыз кылууда кызматташуу боюнча Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлеринин макулдашуусун өкмөт башчы Феликс Кулов жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарланды. Макулдашууга ылайык эки тарап учуу коопсуздугун камсыздоодо кызматташып, кырсык болгон шартта маалымат алмашат. Андан сырткары орус тарап учуудагы коопсуздукту камсыздоо, кырсыкты иликтөө жана башка багыттагы адистерди даярдоодо жардам берет.

XS
SM
MD
LG