Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Эртең качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү Ошто да белгиленет


ОШ. Бул тууралуу БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Бүткүл дүйнө бул күндү алтынчы жолу белгилей келе жатат. Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына шаардын Токтогул атындагы гүлбагында көп улуттун тилдеринде уюштурулган концерттик программа, качкын кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун эмгектеринин көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул жылкы качкындардын эл аралык күнүнүн тематикасы “Үмүт” деп аталып, аталган багытта дил баяндардын конкурсу уюштурула тургандыгы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG