Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

АМЕРИКАЛЫК МУСУЛМАНДАР ЖАҢЫ МЕКЕНИНИН АБРОЮН КӨТӨРҮҮГӨ АРАКЕТТЕНИШЕТ


Вашингтондо жайгашкан Пью изилдөө борборунун ырастоосунда, АКШнын дүйнөдөгү аброю барган сайын төмөндөөдө, өзгөчө мусулман мамлекеттеринде. Террорго каршы согуштан улам келип чыккан “Америка мусулмандарга каршы” деген жаңылыш ойду жоюуу үчүн Вашингтон америкалык мусулмандарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тартууда.

Ушу тапта Иракта жана дүйнөнүн башка жерлеринде Американын 100 миңден ашуун аскерлери бар. Террорчу деп шектелгендердин көбү ислам динине ишенгендер болгондуктан, айрым мсулмандарда АКШ мусулмандарды бутага алууда деген ой жаралат

Мындан 35 жылдай илгери Сириядан Кошмо Штаттарына көчүп барган Яхья Баша бул чындыктан алыс деп эсептейт.

Апта соңунда Баша жана америкалык мусулмандардын дагы 3 өкүлү Европага 8 күндүк сапарга аттанышты.
Мамлекеттик департаменттин чабармандары Гаага, Берлин жана Копенгагендеги мусулман топтору менен жолугушат.

Болочокто ушундай эле делегациялар Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Тынч океанынын түштүгүндө жайгашкан мусулман өлкөлөрүнө жиберилмекчи.

Мичиган штатындагы клиниканын жетекчиси Баша анын тажрыйбасы жана Америкадагы социалдык эркиндиктер мусулмандардын турмушу ал жерде жакшы экенинен кабар берет деген ойдо:

"Европадагы мусулмандар өздөрүн обочодо калгандай сезишет деп ойлойм. Же мусулман келгиндерди коомдун калган бөлүгү жактырбайт же алар өздөрү обочодо болууну артык көрүп, жергиликтүү эл менен жуурулшпай, коомго салым кошушпайт".

Мындай көрүнүш, кудайга шүгүр, АКШда жок. Арабдар жана мусулмандар Америкада коомдун турмушуна активдүү катышып, анын бир бөлүгү болуп калышкан. Өзгөчө муну иммигранттардын экинчи муунунан көрсө болот, - дейт Баша.

Ал белгилегендей, мамлекеттик департамент жолугушуулар учурунда эмнелерди сүйлөп сүйлөбөш керек деген көрсөтмө берген эмес.

"Биз өз ара баарлашып, пикир алмашып, жеке тажрыйбаларыбыз жөнүндө сөз кылуу үчүн баратабыз", - дейт дарыгер.

Топтун эң жаш мүчөсү 22 жаштагы Мехди Алхассани Вашингтондогу университетти жаңы эле аяктады. Ирактык мигранттардын баласы Мехди интеграция ишинде Америка европалыктарга караганда бир топ ийгиликтерге жетишти деген ишенимде.

"Жакыңкы Чыгышта Американын маданиятын жек көрүшөт деген жаңылыш көз караш эң чоң катачылык. Бул таптакыр туура эмес. Алар америкалык маданияттын ышкыбоздору. Мароккодо жашаган жакындарымдардан америкалык ырчылардын кассеталарын көрүп таң калдым. Алар англисче сүйлөбөсө да ошол ырларды жатка билишет экен. Жаштардын көптөрү Ирактагы согушка каршы болгону менен жалпысынан алганда алар үчүн Америка эли үлгү, иммигранттарды интеграциялоо үчүн мыкты иш жүргүзгөн эл", - дейт Алхассани.

Бирок, жаңы демилгени сындаган апаздар да жок эмес. Америкалык мусулман жазуучу Асра Номани коомдук байланыштар багытындагы аракеттер тышкы саясат чөйрөсүндөгү кадамдар менен жокко чыгарылууда дейт. Түрдүү маданияттарды жакындаштыруу идеясы дайыма позитивдүү бааланып келген. Бирок бир ууч адам келип алып, Америка аларды бактылуу кылганын айтып берсе эле, мусулмандардын көз карашы өзгөрүп кетмек беле? Номани айымдын пикиринде мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын тышкы саясаттагы багыты коомдук дипломатияны көлөкөдө калтырып коет.

XS
SM
MD
LG