Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

АКШ ИРАНДЫ СЫНГА ДА АЛУУДА, АГА СУНУШ ДА ЖАСООДО


Нарын АЙЫП, Прага 19-июнда АКШ президенти Жорж Буш Нью-Йорк шаарындагы "Кингс пойнт" деп аталган аскерий академияда чыгып сүйлөгөндө, Ирандын жетекчилигин дагы бир жолу сынга алды жана Батыш жасаган сунуштарга Тегеран так жооп берүүгө тийиш деп билдирди. Иран президенти болсо 15-июнда Шанхай шаарында Батыштын сунуштарын оң баалаган.

Шанхай шаарында өткөн саммит учурунда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Орусия президенти Владимир Путин менен өз алдынча жолукканда, Батыш тарабынан жасалган сунуштарга оң баа берген жана Батыш мамлекеттери менен жаңы сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирген. Жолугушуу аяктагандан кийин ал тууралуу журналисттерге Путин айткан.

Батыш мамлекеттери андай сунуштар жөнүндө 1-июнда Вена шаарында өткөн жыйында макулдашкан жана Европа Биримдигинин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана 6-июнда Тегеранга атайын келип, аларды Иран жетекчилерине өзү сунуштаган.

Анын алдында, 31-май күнү, АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс атайын билдирүү жасап, эгер Иран уран байытуу иштерин токтотуп, өзөктүк курал өндүрүү ниетинен баш тартса, Вашингтон аны менен түз сүйлөшүү өткөрүүгө даяр деп билдирген. Ошондуктан көпчүлүк эксперттер - маселе кыймылсыз абалдан жыла баштады деген пикирге келген.

Бирок, президент Буш 19-июнда кайрадан Иранды сынга алды. Анын айтымында, Иран жетекчилери эл аралык террорчулукту колдойт, өз элинин адам укуктарын бузат жана алардын эркиндигин чектейт, өзөктүк куралга ээ болуу аракеттери менен болсо
Тегеран Бириккен Улуттар алдындагы милдеттенмелерин бузууда. Америкалык президенттин пикиринде, эгер Иран ага жасалган сунуштарды четке какса, ага каршы катуу чаралар көрүлөт.

Аны менен катар Буш - аскерий эмес максатта колдонулган өзөктүк технологияларга Иран ээ болууга укуктуу экенин дагы белгиледи: "Биздин оюбузча, чыныгы аскерий эмес өзөктүк программалар аркылуу өндүрүлгөн кубатка Иран эли ээ болууга тийиш. Ошондуктан АКШ - коопсуздугу эл аралык коомчулук тарабынан көзөмөлдөнгөн андай өзөктүк технологиялар берген артыкчылыктар Иран элине жетишин колдойт", - деди Буш 19-июнда.

Июндун башында жасалган сунуштар боюнча, эгер Иран уран байытуу иштерин токтотсо, Батыш өлкөлөрү ага жеңил сууда иштеген эң алдыңкы үлгүдөгү өзөктүк реакторлорду бериши мүмкүн, андан тышкары Тегеранга - бир топ экономикалык жеңилдиктер жасалат, ага Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө жардам көрсөтүлөт жана Иранда колдонулган америкалык учактарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Ирандын авиациясы мурда негизинен америкалык үлгүдө түзүлгөн, бирок 26 жылдан бери эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле болбогондуктан, учактар эскирип бүттү.

Иран менен тикелей дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүү боюнча Райс айымдын сунушун болсо франциялык "Фигаро" гезити 19-июнда революциялык өзгөрүү деп баалады. Гезиттин жазышынча, 26 жыл бою катуу карманып келген саясаттан Вашингтондун баш тартып жатканы - анын тышкы саясаты ийкемдүүлүк жакка бурулганынын белгиси.

XS
SM
MD
LG