Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

СОЦИАЛДЫК ФОНД ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАН ЭНЧИСИН ДООЛАП ЖАТАТ


Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгы Кыргызстанда 4 жылдан бери иш алып барып жаткан көз карандысыз “Фридом Хауз” уюмунун жергиликтүү кызматкерлерине Социалдык фондго камсыздоо төлөмдөрүн төлөбөй жатат деп кине койду.

Социалдык фондунун өкүлдөрү “Фридом Хауз” уюмунун жергиликтүү кызматкерлери бир катар жылдардан бери Социалдык фондго камсыздоо төлөмдөрүн төлөбөй жатышат, деп доо коюуда.
Азырынча мындай доого карата “Фридом Хауз” уюмунан расмий түшүндүрмө жарыялана элек. Түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, аталган уюмдун долбоорлорунун кызматкерине кайрылганыбызда, азырынча түшүнүк берүүдөн баш тартты.

Ал эми Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (ЮСАИД) Кыргызстандагы өкүлү Клиф Браун 21-июнда “АКИ пресс” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, “Фридом Хауз”уюму Кыргызстандын мыйзамдарын сакташы керек”, деп билдирген.

Эки өлкө ортосунда 1993-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, АКШда негизделип, Кыргызстанда иш алып барып жаткан эл аралык уюмдар социалдык жана салык төлөмдөрүнөн бошотулат.

Ал эми Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгынын кирешелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Асылбековдун айтымында, дооматтар уюмдун өзүнө эмес, анда иштеген Кыргызстандын жарандарына коюлуп жатат:
"Биз уюмдун өзүнө эч кандай кине койгон жокпуз. Жалгыз гана анда иштеген биздин жарандарга дооматтарды коюп жатабыз. Чет өлкөнүн өкүлдөрү бизде иштегени менен пенсиясын өзүнүн мекенинен алат да, ал эми биздин жарандар пенсиясын Кыргызстандан алат, ошондуктан алар мыйзамга ылайык Социалдык фондго төлөшү керек. Биз алар менен сүйлөшсөк, алар төлөгөнгө макул, бирок бүгүнкү күндөн тартып. Ал эми биз, Кыргызстанда иштеп баштагандан тартып төлөгүлө десек, ага макул болбой жатышат," -деди Кубанычбек Асылбеков.

Адилет министри Марат Кайыпов эл аралык уюмдар жергиликтүү мыйзамдарды кадырлашы керек, деп белгиледи: “Мен деле эл аралык уюмдарда иштедим. Мисалы “Сорос”фондусунда семинарларды өткөрүп иштеп жүрдүм, бирок сөзсүз түрдө Социалдык фондго төлөчүмүн. Андан артканынан айлык алчумун”,-деди Марат Кайыпов.

“Фридом Хауз” уюмунун Кыргызстандагы ишмердигине тиешелүү документтер учурда Башкы прокуратура тарабынан териштирилүүдө. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Токтогул Какчекеевдин айтымында, Кыргызстанда жалгыз гана “Фридом Хауз”уюму эмес, башка айрым чет өлкөлүк уюмдар жана компаниялар тарабынан да ушул сыяктуу мыйзам бузуулар орун алып келет:

“Социалдык фонд акча жетпегендиктен четинен текшерип баштайт. Чет мамлекеттен келгендер Кыргызстандын мыйзамын тоготпостук кылып жатат”, - дейт Токтогул Какчекеев.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюумунун жетекчиси Азиза Абдрасулова бул иште “Фридом Хауз” уюмунун кызматкерлиринин эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт. Ал эл аралык уюумдарга күнөө коюудан мурун, Социалдык фонду өзүнүн ички механизмдерин тартипке келтирсе деген ойдо:

“Бир четинен Соцфонддун дооматтары туура. Бирок, мен атайын кызыгып бул уюмга бардым, документтери менен таанышып келдим. Анда болгону эки гана эксперт иштейт экен. Алар көрсө Соцфонддон жана Салык инспекциясынан патент алып иштеп жатышыптыр. Бул жерде чет мамлекеттен келгендерди күнөөлөгөндөн мурун, күнөөнү өзүбүздөн издешибиз керек, -деди Азиза Абдрасулова.

Көз карандысыз “Фридом Хауз” уюму Кыргызстанда 2002-жылдан тартып иш алып барат. Бул уюумдун программалары негизинен өлкөдө адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин чыңдоого багытталган.

XS
SM
MD
LG