Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

АПТА КААРМАНЫ - ТАИРБЕК САРПАШЕВ


Аптанын урунт саясий окуяларынын бири деп Жогорку Кеңеш төрагасына эки орунбасарларды шайлоону айтса жарашат. Талапкерлердин арасынан шайлоонун биринчи айлампасында эле арбын добушка ээ болгон депутат Таирбек Сарпашев тууралуу кеп кылуунун оролу бүгүн келип турат.

Парламент спикери жаңылангандан кийин ага орунбасарлардын санын көбөйтүү маселеси калкып чыкты. Мурдагы эки орунбасарды үч адамга көбөйтүү зарылдыгын депутаттардын өздөрү козгоп чыгышкан. Аны депутат Мелис Эшимканов мындайча түшүндүргөн.

- Бизди уят кыла турган жагдайлар аябай көп. Мен байкап жүрөм. Мына шайланганына эки ай болду, бүт баарын спикерге үйүп салдык. Анан быягында гаражы калып атат, бир жагында мыйзам чыгаруу турат. Бул жагында тышкы маселелер калып жатат. Ошон үчүн бул жерде үч орунбасар болуп кетсе эмне, акча көп кетип калабы?

Марат Султанов: - Кичине эле кетет. 12 миң эле сом.

- Же бир башкачабы? Ошон үчүн үч орунбасарлыкты биз кызганбай эле бекитип берип, анан ушул Марат Абдыразакович аларды тыкылдатып-тыкылдатып иштетсе. Парламенттин жүзү жарык болот эле да.

Ушуга үндөш пикирди депутат Кубанычбек Исабеков да жарыя кылды:

- Бул жеке эле чарбалык иштерди эмес, өзүбүздүн тартипти да сакташыбыз керек. Экономика эмне болуп жатат, биздикичи? Командировкалар эмне болуп жатат? Эларалык байланыштар. Бизде, Орусия, Казакстан менен эмдигиче парламенттер аралык келишим түзүлө элек. Себеби мурун эки палата болчубуз, азыр бир палатабыз.

Авасбек Момункулов Жогорку Кеңештин чарбалык иштери жакшы жолго коюлбай, илээндиликтин айынан көп иштер жасалбай жатканын парламент жыйынында ачыкка чыгарды:

- Мен да импичмент жарыялайын деп жатам. Эгерде мени колдосоңор. Бул күлкү эмес. Мен силерге чынын эле айтып жатам. Пансионаттын кебетесин карагылачы? Мына азыр акча алалбай, тамакка акча жок деп отурат. Бул эмне деген шумдук. Көлдөн келип бул жактан тамакка акча алып анан кайра Көлгө кетет. Жогорку Кеңештеги иштин уюштурулушун мен түшүнбөйм. Болбосо мен дагы Т.Сарпашевге окшоп кол чогултам азыр.

Иши кылып кыйла талаш-тартыштан соң депутаттар дагы төрагага эки орунбасар шайлоо маселесин чечишти.

Жаңыланган мыйзам чыгаруу бийлигине жетекчиликке келген жаш депутат Таирбек Сарпашев кесиби боюнча экономист. 2000-жылы парламентке биринчи ирет депутат болуп шайланганга чейин ишкердик менен шугулданып келген. Жаңы шайланган вице-спикер ишти эмнеден баштайт? Мына ушул суроонун анын өзүнө узаттык.

- Менин төраганын орунбасары милдетими спикер өзү бөлүштүрдү. Ага ылайык өкмөт мүчөлөрү менен Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды көзөмөлдөө, кабыл алынган токтомдорду өкмөт мүчөлөрү менен көзөмөлдөп туруу. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу областтарда кандай аткарылып жатат? Ушул маселе, ошондой эле комитеттердин иштөө тартибин мыйзамдык жөнгө салуу тартиби боюнча иштерди мен жүргүзөм. Мыйзамдарды кабыл алуу процедурасына көзөмөл жүргүзүү милдети да мага жүктөлдү. Жогорку Кеңеш көптөгөн токтомдорду кабыл алат. Айрымдары аткарылбай да калып жатат. Ал бюджеттин чактуулугуна жараша аткарылбай калууда. Кээ бирөөлөрүн болсо аткаргысы келбей койгондор бар. Анткени кээ биринин жеке кызыкчылыктары да бар. Айрымдар «колдоп» жүргөн иштер бар экен. Ушуга окшогон маселелерди көзөмөлдөө мага жүктөлдү. Ишти алганыма 2 эле күн болду. Анан 10 күн ичинде баш-аягымы жыйнап, ишти бир системага салып иштейин деп жатам.

Конституция боюнча биздин негизги милдеттер – мыйзамды кабыл алуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө. Көзөмөлдөө убагында биз сын пикир да айтабыз. Туура, кээде талкуу учурунда ички иштерге чейин кийлигишип кетип атканыбыз бар. Анткен менен өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбаган чиновниктер да көп. Экономикалык жагы деп атасыз. Бул парламенттин 70 пайызы экономисттерден, ишкерлерден турат. Экономикалык маселелерге көп киришип кетип атканыбыздын дагы бир жөнү бар. Биздин мамлекеттин эки чоң «оорусу» бар. Биринчиси саясий мүнөздө. Демократиялык негизде жеке бийликтин үстөмдүгүнө жол бербеген, тең салмактуу бийлик бутактарын кармаган Конституцияны түзүп алуу. Анан эми экинчи «оорубуз» - экономика. Бул жерде коррупция бар. Жеке кызыкчылыктын көбөйүп кеткенинен экономикада жакшы жылыштын болбой жатканы, туруктуулуктун жоктугу. Чиновниктер мыйзамды аткаруунун ордуна аны бузуп жеке кызыкчылыгын көздөгөндө мамлекеттик кызыкчылык экинчи планда калып жатат. Ушул боюнча биздин сын пикирлерибиз көп. Ошон үчүн сын уккан өкмөт мүчөлөрү «ички ишибизге кийлигишип атат» деп доомат коюшууда.


Таирбек Сарпашевдин саясий позициясы кандай, өкмөт менен парламенттин мамиле-катышы тууралуу эмне деген ойдо?

- Парламент кайсы бир деңгээлде өкмөткө конструктивдүү оппозицияда болушу керек. Өкмөт менен парламент ынтымакта иштөөсү керек, деп жатышпайбы. Бул туура эмес. Анткени парламент менен өкмөт эч убакта ынтымакта иштей алышпайт. Эл парламент мүчөсүн өкмөттүн кемчилигин айтып, аны менен конструктивдүү мамиледе болсун деп ушул жакка жөнөтүшкөн. Ошондуктан биз өкмөт менен жакын болуп иштей албайбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө өкмөт жакынкы 3 – 5 – 10 жылга эсептелген стратегиялык планын да көрсөтө элек. Өкмөт Н.Танаевдин программасын, өткөн бийликтин программасын жасап келатат да, өздөрү кемчилик кетирсе өткөн бийликке шылтап, 15 жыл бою жасалган ушул дегендей «дүжүр» шылтоого жамынып алып келатышат. Өздөрүнчө стратегиялык программа таба элек.

Парламент мүчөлөрү жакындан бери өкмөт мүчөлөрүнүн ишин «жумшак рейтинг» тартиби менен баалоо жөрөлгөсүн баштап, анын натыйжасында аз жерден аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн кызматтан кетишине алып келе жаздаган. Бул ирет ушундай эле жөрөлгөнү депутаттар парламенттеги комитет төрагаларынын ишине карата колдонушту. Таирбек Сарпашев «жумшак рейтинг» сыноосунан чочулабастыгын ырастады, парламент мүчөсү кесиптештеринин пикирин угуп турушу керектүү экенин билдирди.

- Эми мен эмдиги жылы ушул маалда отчет берем. Өзүмүн пландарым бар, регламент чектеген милдеттерим бар. Аны так, убагында аткарганга аракет кылам. Парламент өзүнө-өзү да баа кое билиши керек. Ошол баага макул болуп, күнөөнү бирөөдөн издебеш керек. Эгер начар баа коюлуп калса, демек, сен китепти начар окугансың. Жакшылап окушуң керек. Адам кемчиликти өзүнөн издеши керек. Ошондо жакшы болот.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев Жогорку Кеңеште аркыл пикирлер, ойлор, сунуштар, ачуу сындар жаңырып турушу керек дейт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын жетекчилери деле 75 эл өкүлүнүн бирөөсү, тек аларга палатанын ишине баш-көз болуп туруу милдетин кесиптештери убактылуу тапшырылган.

- Парламенттин табияты ошондой. 75 депутат болсо 75 пикир болушу керек. 100 депутат болсо 100 пикир болушу керек. Алардын аркасы менен маселе келип түзүгүрөөк, орточо туюндуга келип чечилет го деп ойлойм. Депутаттын негизги куралы – тили. Жанагы мыйзам долбоорлорун депутат жазбай койсо деле андан эч нерсе болбойт. Бирок жазылган мыйзам долбоорун окуп алып аны узунунан, туурасынан, кыйгачынан талдап чыгып, элибизге журтубузга иштей турган, жашоосуна жардам бере турган мыйзамдарды кабыл алып бериш биздин милдет. Ал эми орунбасарлар менен менин аласа-бересем жок. Маа демектен ону болсун. Маа десе аларды кайта айдап ийишсин. Анын мага эч кандай ысык-суугу жок.

Бир жумадан кийин парламент мүчөлөрү эки айлык каникулга тарашат. Бирок да бул аралыкта Кыргызстандын саясий турмушундагы олуттуу окуя - жаңы Конституция долбоорун талкуулоо иши, башкаруунун кандай формасын тандап алуу маселеси жай саратанда кызыйт. Башмыйзам долбоорлорунун саны арбып баратат.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, алардын кайсы тилде жазылганы эмес, азыркы өлкө турмушуна кандай жаңылык алып келери маанилүү.

- Эң негизгиси, бул маңызы болуш керек. дейт Текебаев.

Мындан келди, жай саратаны өткөн жылдагыдай эле кызуу саясий талаш-тартыштардын күрү-күүсүндө өтөт окшоп калды. Т.Сарпашев жай ичи кызуу саясий талаш-тартыштар күчүнө кирип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолу аныкталмакчы деген пикирде.

Тектеш

XS
SM
MD
LG