Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

ИРАК: ӨКМӨТ КОЗГОЛОҢЧУЛАРГА КОЛ СУНМАКЧЫ


Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики улуттук жарашуу планын жекшемби күнү парламенттин кароосуна берди. Премьер курал-жарагын таштап, жайчылык турмушка өткүсү келген козголоңчуларга мунапыс берүүнү сунуш кылууда. Бирок террорчулукту жана кыянат-кыргынды уланткысы келгендер мыйзамдын кайра жангыс күчүн сезүүгө тийиш. Кошмо Штаттарынын Ирактагы элчиси Залмай Халилзод козголоңчуларды жарашуу планын кабыл алып, куралдарын таштоого чакырды.

Жарашуу планы 24 пункттан турат. Кыянат-кыргын иштерге, террорчулукка катышпаган козголоңчуларга мунапыс жарыяланат, саясий процесске тартылганга мүмкүндүк берилет.

Жарашуу планын парламенттин кароосуна берип жатып, ал-Малики бул кадам бир жагынан башка чаралар менен бирге өлкөдөгү оор абалды оңдогонго огожо болоруна, экинчиден экономикалык жана саясий кырдаалга шарапатын тийгизерине үмүттөнүп жатканын белгиледи. Премьер жазыксыз калктын канын төгүп,алардын өмүрүнө забын келтирип жаткан “Ал-Каидага” жана башка топторго мунапыс берилбей турганын, алар жакынкы аралыкта мыйзамдын өткүр мизин жон териси менен сезерин кошумчалады.

Маалымдар адамдардын айтымында, планда өлкөнүн куралдуу күчтөрүн бекемдеп, чет элдик аскер контингентинин санын кыскартуу жагы каралган. Бирок мунун так мөөнөтү такталган эмес.

Айтмакчы, жекшемби күнү Ирактан япон аскерлерин чыгаруу иши башталды. Алар жалаң инфраструктураларды кайра тикелөө милдетин аркалашты, аскери операцияларга катышкан жок.

Премьердин планында Саддамдын тушундагы
башкаруучу БААС партиясынын мурдагы төбөлдөрүнүн статусун кайра карап чыгуу да сунуш кылынган. Козголоңчул топтордун көбүн баасчылар менен мурдагы армиянын өкүлдөрү каржылап,колдоп жатат деген пикирлер бар. Эми аларды өгөйлөбөстөн, өз кишиге айлантуу аракети жасалмакчы.

Мындан тышкары ал-Малики жамааттык кошуундарды куралсыздандырууну көздөп жатат. Алардын көбү саясий партиялар менен байланышкан, Багдаддын бүтүндөй бир маалаларын, башка шаарлардын орчундуу райондорун контролдоп турушат. Премьер алардын баарын таркатканга же улуттук армиянын катарына кошконго үмүттөнөт.

Улуттук жарашуу планын АКШнын аскери жана бийлик өкүлдөрү колдошту. Ирактын президенти Жалал Талабани келишимге кирбей калган топтор ага кийин кошула аларын, алды менен алар куралдарын ташташы керектигин бөлүп көрсөттү. Парламент спикери,сүннүлөр өкүлү Махмуд Машхадани премьердин демилгеси биринчи кезекте ирактыктарды ич ара араздаштырып жаткан күчтөргө багышталганын белгиледи. Нури ал-Маликинин планын арап мамлекеттер лигасы да кубаттады.

Байкоочулар бул планды жүзөгө ашыруу үчүн ал-Малики калк арасынан,биринчи кезекте сүннүлөр жамаатынан кеңири колдоого муктаж болорун айтышууда. Эл арасында болсо жарашуу планына ишенбегендер көп. Багдаддык тургундардын бири,мисалы, Иракта калкты ич ара кайраштырып, араздаштырып жаткандар негизинен чет элдик топтор экенин белгилеп,алар ал-Малики менен жараша коеру күмөн деп арсарсыды.

XS
SM
MD
LG