Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

ФУТБОЛ 2006 : ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТТА ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА КИМДЕР ЧЫКТЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек 25-июнда Германия футбол талааларында дүйнөлүк чемпионаттагы экинчи чейрек финалдык жуп аныкталды.

Англия - Эквадор беттешүүсү, жалпысынан алганда, элдер күткөндөй жакшы болгон жок, бирок айрым кызыктуу учурлар орун алганы шексиз.
11-минутада эквадорлук Карлос Тенорио англиялык коргоочулардын катачылыгын пайдаланып, дарбазачы менен жекеме-жеке чыкты. Дарбазачы дагы бул топту тосо албай койду, бирок Эшли Коул келе калып, топ дарбазага эмес, мамыга тийип калды.

Англия курамасы, адаттагыдай эле, өзүнүн башкы чабуулчусу Уэйн Руниге басым жасады. Уейн Руни өзүнүн шамдагайлыгы жана техникасы менен белгилүү, бирок бул оюнда ал берилген топторго жетпей, жетсе да, гол киргизе албай койду. Ошентип, Уейн Руни акыркы үч беттешүүдө бир дагы топ киргизе элек. Эскерте кетсек, Уейн Руни оюн учурунда жараат алып, көптөн бери оюндарга катышпай жүрдү.

Абалды англиялыктардын капитаны Дэвид Бэкхам оңдоду. Ал стандарттык абалдан, талаанын чекесинен пенальти тээп, эквадорлуктардын дарбазасынын алыскы бурчуна топту киргизип койду.
Ушул жерде кызыктын баары аяктап калды десек болот го. Англия, кайра эле, убакытты эптеп өткөрүү амалын издеп, кызыктуу оюн көрсөткөн жок, бирок өзүнө кийинки раундда орун ээлеп койду.

Португалия – Голландия беттешүүсү кызыктуу болоору башынан эле күтүлгөн, бирок бул оюн чоң чырга айланып кете жаздады. Беттешүүнүн алгачкы минуталарында эле голландиялык коргоочу Белахруз Португалиянын негизги чабуулчусу Криштиан Роналдонун бутуна тээп, Роналдо оюнду уланта албай койду. Бул мезгилде чыр баштала элек болчу.

23-минутада Маниша Португалияны алдыга алып чыкты. Мындан сон Голландия чабуулун кескин күчөттү. Чабуулдарды токтотууда ашыкча кооптуулугу учун 1-таймдын сонунда португалиялык Каштинья талаадан чыгарылды. Экинчи – таймда абал кыйла начарлап, оюндун рефериси Валентин Иванов дагы 3 оюнчуну кетирип, учурдагы чемпионаттын кызыл карточкалар рекордун орнотту. Экинчи таймда кетирилгендер: голландиялык Халид Булахруз менен Жиовани ван Бронхарст жана португалиялык плей-мейкер Деко. Оюн учурунда 2-3 жолу уруш чыгып кете жаздады. Айрым оюнчулар бири-бирин түрткүлөп, уруп алганга да үлгүрдү.

Жалпысынан алганда, экинчи таймда футбол азыраак болуп, талаш-тартыш көбөйдү жана эсеп мурдагы бойдон калды.

Ошентип, Англия менен чейрек финалда Португалия беттешет. Баса, 2004-жылы Европа биринчилигинде дал ушул Португалия менен Англия беттешип, анда португалиялыктар утуп алышкан. Бул жолу эмне болоорун оюн көрсөтөт. Андыктан, өткөрүп жибербеңиз.
XS
SM
MD
LG