Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

ӨЗБЕКСТАНДЫК КАЧКЫНДЫ КАЗАКСТАНДЫН АТАЙЫН КЫЗМАТТАРЫ КАРМАП ТУРУШАТ


Төрөкул Дооров, Прага Өзбекстандык атуул Габдурафих Темирбоев Улуттар уюму тарабынан качкын статусун алганына карабай, 24-июнь күнү Казакстандын Алматы шаарында камакка алынды. Темирбаевдин аялы Бактыгүл Омонованын айтымында, 24-июнь күнү түнкүсүн алардын үйүнө өздөрүн казак милициясынан деп тааныштырган үч киши кирип, анын күйөөсүн алып кетишкен. Ошол эле учурда, казак полициясы аны камакка албаганын айтып жатат. Айрымдар Темирбоевди Өзбекстандын жашыруун кызматтары уурдап кетишсе керек дешсе, дагы башка кабарларга караганда, ал Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган болушу мүмкүн.

Бактыгүл Омонованын айтымында, анын 33 жаштагы күйөөсү Габдурафих Тамирбоевке Улуттар уюмунун качкындар агенттиги тарабынан 16-июнда качкын макамы берилген.

Темирбоев өзү үй-бүлөсү менен Казакстанда жашап жатканына жети жылдан ашты. Алар Өзбекстандан казак жерине башпаанек издеп келген дагы 3 башка үй-бүлө менен Алматыда турушчу.

Бактыгүл Омонова анын күйөөсүн кантип алып кетишкенин “Азаттыктын” өзбек редакциясына мындайча айтып берди.

- Түнкү саат 3:45 те алар дарбазадан ашып кирип эле, эркектерди ойготушту да “Кана документиңер?” деп коркута башташты. Алар атайы кишилер укташын күтүп, аңдып, анан киришкен экен. Биз аны кийин билдик. Менин күйөөмдүн досу Исломжон өзү оорукчан болчу, дагы бирөө жүрөгү түшүп, көкүрөгүн кармап, экөө тең оордуларынан туралбай калышты. Биз, аялдар, балдар менен ичкерки үйдө уктап жатканбыз. Биз да аябай коркуп кеттик.

Омонованын айтымында, анын күйөөсү өздөрүн милиция кызматкерлери деп атаган адамдарга Улуттар уюму берген качкын күбөлүгүн көрсөткөн. Казак милициясынын кийимин кийип алгандардын бирөөсү алардын үйүнө жакын жерде бир машиненин айнегин кимдир-бирөөлөр сындырып кетишкенин айтып, Омонованын күйөөсүн шектелген адамга окшош экен деп ээрчитип кеткен.

Омонова бир канча күн күйөөсү жөнүндө эч кандай маалымат ала алган жок. Алматынын укук коргоо органдары болсо анын күйөөсүн камабаганын айтып жатышты. Айрымдар Темирбоевди өзбекстандык эле атайын кызматтар уурдап кетишсе керек дешет.

26-июнда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Алматыдагы өкүлү Арман Жусанбай “Азаттыктын” казак редакциясына бул тууралуу айтып жатып, буга Өзбекстандын да тиешеси болушу мүмкүн экенин кыйытып өттү.

- Бизде бу жөнүндө маалымат жок. Бизге эч ким эч нерсе айткан жок. Балким, Темирбоевди алар Өзбекстанга алып кетип калышкандыр.

Ошентип отуруп, Темирбоев жөнүндө алгачкы маалымат шаршембиде гана чыкты. Көрсө, аны Казакстандын Коопсуздук комитетинин жашыруун кызматтары алып кетишкен экен.

Казакстандын Адам укуктары боюнча эларалык бөлүмүнүн өкүлү Евгений Жовтис “Темирбоевке кандай кине тагылаарын билбейм” дейт.

- Азырынча Темирбоевке ырасмий түрдө айып тагыла элек, ошондуктан ал эмне үчүн кармалганы беймаалым. Темирбоев Казакстандын Коопсуздук комитети тарабынан кармалганы тууралуу гана ырасмий кабар таркатылды. Буга чейин биз Ички иштер министрлигине узаткан суроолорубузга жооп ала албадык. Темирбоевке кандай кине тагылат? Ал эмне боюнча шектелип жатат? Балким, Өзбекстан аны өзүнө жөнөтүүнү өтүнгөн документ жибергендир? Ушул суроолор азырынча жоопсуз калууда, - дейт укук коргоочу Евгений Жовтис.

Темирбоевдин кармалашына байланыштуу ишке азыр Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссарлыгы да кирише баштады. Анын Алматыдагы өкүлү Чесар Дубон биздин радиого айтканына караганда, алар азыр казак бийликтеринен бул тууралуу так түшүндүрмө берүүсүн сурап жатышат.

XS
SM
MD
LG