Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ТАЛАС : МАЙРАМ АКАЕВАГА АРНАП МЫЙЗАМСЫЗ ДАЧА КУРГАНДАР ТИЙИШТҮҮ ЖАЗАСЫН АЛДЫБЫ?


Улан Эсенгелди уулу, Талас Экс-президент Акаевдин жубайы Майрам Акаевага арнап, Таластын Бешташ коругунда мыйзамсыз дача курган мурдагы облустук жетекчилери күнөлүү деп табылып, акчалай айыпка жыгылышты. Бирок, аларды сот дароо эле мунапыс мыйзамы боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотту. Сот жумшак жаза колдонуп койду деп нааразы болуп облустук прокуратура апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды.

Талас облусунун экс-губернатору Кеңеш Карачалов жана Тойчубек Касымовдун бир тууган иниси Дүйшөналиев Кылыч Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 353-беренесинин биринчи бөлүмү менен мыйзамсыз жерге имарат кургандыктан күнөөлүү деп табылышып, ар бири 3 миң сомдон айыпка жыгылышты. "Бешташ" коругунун мурдагы директору Абазбек Адигинеев жана Талас райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасынын башчысы Кулешов Кенжетай дагы Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси менен жоопко тартылышты. Жогоруда айтылган бардык инсандар Жеңиш күнүнүн 60-жылдыгына карата мунапыс мыйзамына ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотулду. Республикалык мамлекеттик регстрдин кызматкери Эркинбек Үчкемпиров сотто күнөөсүз деп табылып, толук акталды.

Талас райондук сотунун мындай чечимине нааразы болгон облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Асан Нарматов оюн төмөнкүчө билдирди:

- Мурдагы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы администрация башчысы Тойчубек Касымов экс-президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева үчүн, аларга жагынуу максатында, Бешташ өрөөнүндөгү корук жерге эки кабат, 18 комнаталуу дача курушкан. Корук жерди запастагы жерлер катарында чыгаруу максатында Кеңешбек Карачалов Талас облусунун губернатору болуп иштеп турганда атайын мыйзамсыз курулган дачаны мыйзамдаштыруу максатында бул жактагы райондук, облустук администрациянын токтомдорун бир нече жолу оңдотуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө киргизип, токтом чыгарышкан. Бул иш облустук прокуратура тарабынан тергелип, Талас райондук сотуна жиберилген болчу. Талас райондук соту бул ишти үстүртөн, бир жактуу, соттолуучулардын таламын жактаган тартипте, актоо максатында 2006-жылдын 16-июнунда ишти карап, статьяларын төмөндөтүп, жаза колдонгон.

Дачанын курулушуна сыртынан күбө болуп жүргөн Бешташ айылынын тургуну Айбек чет мамлекеттер сатып алганча Акаевдерге калганы туура дейт:

- Башкалар айтып атат мыйзамсыз түрдө алды деп. Ошондой болсо да коруктун ичинде конок үй керек болчу. Биздин башка жерлерибиз деле чет мамлекеттерге сатылып кетип жатат. Ал эми бул жерди эч жака көчүрүп, же казып алып кете албайт, курулган нерсе Кыргызстанга калып калат. Башка чет мамлекеттер ала турган болсо, акча айланып ошолордун колуна калат. Акаев кыргыз болгондон кийин, айланып Кыргызстанга калат. Ошондуктан Акаевдердин колунда калса дурус болот.

Аталган имарат Майрам Акаеванын бир тууган иниси Манас Жамакеевге мыйзамдаштырылып берилмек. Бүгүнкү учурда облустук прокуратура облустук сотко апелляциялык арыз жөнөттү. Жогоруда айтылган иш кайрадан каралмакчы.

XS
SM
MD
LG