БИШКЕК. Тузбелдик шайлоочулар Борбордук шайлоо комиссиясы бул участокто кайталап добуш берүүнү кепилдеген чечим чыгарышын талап кылып жатышат. 828 шайлоочунун атынан келген шайлоочулар тобу бүгүн АКИпресс агенттигинде ушундай билдирүү жасашты. БШК добуш берүүгө шарт түзүп, бере алган жок, ошондуктан 25-июнда шайлоочулардын конституциялык укуктары бузулду деп эсептеген шайлоочулар өз талабын президенттин дарегине жолдошту. Куршаб шайлоо округунун Тузбел участогундагы жаңжалга байланышкан маселе эртең БШКнын кезектеги отурумунда талкууланганы жатат.