Европа Биримдиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Македониядагы парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, демократиялык стандарттарга ылайык өткөндүгүн белгилешти. Шайлоодо оппозиция жеңип чыкты. Буга чейин Македонияда бийликте турган социал-демократиялык партияга караганда, оппозициялык “Македония үчүн бирге” коалициялык блогу шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болду.