Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

«Оксус» компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салынды


БИШКЕК. Бейшембиден жумага оогон түнү Бишкек шаарынын Жибек жолу, Манас көчөлөрүнүн кесилишинде EDI ltd компаниясынын аткаруучу директору, британиялык «Оксус» компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болду. Ички иштер министрлигинин тараткан кабарына караганда, Шон Дейли түнкү он эки жарымда үйүнө кирип баратканда аны көздөй ок атылган. Окуя болгон жерде үч октун кабыгы табылган. Улуттук хирургия борборунун дарыгери Асанбек Садыгалиевдин «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, чет өлкөлүк жарандын абалы оор. Атылган ок анын бөйрөгүн тешип, бооруна кадалып калган. Операция учурунда бир бөйрөгү алынып салынды, ал эми октун калдыгын боорунан чыгаруу мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG