Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

ЖАЛАЛАБАТ : МИЛИЦИЯГА КОЛ САЛГАНДАР ХИЗБУТЧУЛАРБЫ?


Аманбек Жапаров,Бишкек Кечээ-мурдагы күнү Жалалабат милициясы 10-июлда МАИ кызматерлерине ок аткан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен ондон ашуун адамды суракка алып, аларды коё берди. Алар Кыргызстанда иштөөгө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” партиясынын мүчөлөрү деп айтылууда. Ал эми бул уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, аларга күч органдары негизсиз айып тагууда. Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, аталган партиянын өкүлдөрү шектүү адамдар катары кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 9-июлда кечке жуук Жалалабаддын МАИ кызматкерлери Д1833S мамлекеттик номерлүү ДЭУ-Тико автоунаасын Жалалабад шаарынын Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишинде токтоткон мезгилде, андан чыккан эки адам милициянын кызматкери Мамасадык Турсунбаевди атып өлтүрүшкөн.

Эртеси 10-июлда тартип коргоо кызматкерлери эртең менен Жалалабаддын чет жакаларын тинтүү учурунда куралчан үч адам аларга каршылык көрсөтүп, үч милиция кызматкерин жарадар кылышкан. Милиция кызматкерлерине ок чыгарган кылмышкерлерди издөө иши улантылууда. Бул окуяга шектүү делип «Хизб ут-Тахрир» партиясынын 14 мүчөсү Жалалабад шаарынын убактылуу кармоо жайында кармалып, аларга тергөө жүргүзүлдү. Аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараевдин айтымында, алар шектүү адамдар катары кармалып алардын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

12-июлда Бишкек шаарында да исламды боштондукка чыгаруу боюнча үгүт баракчалары менен «Хизб ут-тахрир» партиясынын бир мүчөсү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумаев белгилегендей, 7 айдын ичинде Бишкекте диний экстремисттик маанайдагы баракчаларды таркаткан беш адам кармалып, Улуттук Коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген.

- Бизде соттун чечими бар, «Хизб ут-Тахрир» тыйуу салынган партиялардын тизмесине кирет. Баракча тараткандар боюнча бизде кармалгандар бар. Аларга каршы эч кандай куугунтук жок. Бардыгы мыйзам чегинде каралууда, -деди Бакыт Жумаев.

Исламды боштондукка чыгаруучу кыймыл деп саналган “Хизб ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү Эрлан Бектемиров Жалалабаддагы “Хизбутчулардын” кармалышын, бийлик менен күч структураларынын аталган партиянын мүчөлөрүнө карата көрсөткөн кысымы катары бааларын билдирди.

Жалалабад окуясына “Хизб ут-Тахрир” партиясынын катыштыгы бар деген карандай калп. Калптын келечеги жок. Калпты айтаардан мурда артыңарды ойлогула. “Хизб ут-Тахрир” саясий партия экендигин Феликс Кулов, Курманбек Бакиев, Бузурманкул Табалдиев, азыркы бийлик башында отургандардын бардыгы билет. Бул иш “Хизб ут-Тахрир” партиясынын кылганы эмес. Мындай иш бизге теңирден-тетири болот, - деди “Хизб ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү Эрлан Бектемиров.

Күч органдарынын маалымдашынча, Ортоазиянын аймагында учурда “Хизб ут-Тахрирден” тышкары экстремисттик-террорчулук мүнөздөгү Өзбекстандын Ислам кыймылы, Түркестанды бошотуу уюму, Чыгыш-Түркүстан партиясы бар.

XS
SM
MD
LG