Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Ош шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, паспорттук режим киргизилди


ОШ. Бул тууралуу билдирген Ош шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик объектилерди, эл көп топтолгон жайларда жана чегара тилкелериндеги участоктордо коопсуздук чаралары күчөтүлүп жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары шаардын ичиндеги калктын атуулдугун тактоо макстаныда паспорттук режим киргизилип, укук коргоо органдары күчөтүлгөн кызмат абалына өтүштү. Учурда кайгуул күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери куралчан кайтаруунун коштоосунда атуулдардын паспортторун текшере башташты. Жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу чыгып сүйлөгөн ички иштер органдарынын жетекчилери атуулдарды кабатырланбоого чакырып, аталган өнөктүк Жалалабаттагы окуяга байланыштуу экендигин эскертишти.

XS
SM
MD
LG