Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

ЛИВАНДАГЫ КЫРДААЛ ТЫНЧЫБАЙ ЖАТАТ


Жакынкы Чыгышта акыркы күндөрү курчуган кырдаал татаал бойдон кала берүүдө. Бүгүн Ливандын аймагынан "Хизбулла" уюму Израилди аткылады. Израил да Ливандын аймагын бомбалоону улантты. Азырынча эл аралык деңгээлдеги аракеттерден майнап боло элек.

"Хизбулла" бүгүн Израилдин Хайфа шаарына ракета атып, кеминде сегиз киши набыт болду. Дагы бир тобу жараат алды. Ракеталардын бири темир жол бекетине келип түштү. Ошону менен Израилде беш күндөн бери кеминде 24 киши өмүрүнөн ажырады.

Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бул кол салуу катуу жазаланаарын эскертти. Израил армиясы өз кезегинде Ливанды бешинчи күн катары менен бомбалады. Баш калаа Бейруттун түштүгүндөгү буталардын арасында "Хизбулланын" сыналгы бекети жана электр станциясы болду.

Анын аралыгында Орусияда өтүп жаткан "Чоң Сегиздин" шеринесинде Кошмо Штаттары менен Британия Жакынкы чыгыштагы кырдаал үчүн Иран менен Сирияны күнөөлөштү.

АКШнын президенти Жорж Буш кризисти жөнгө салуу үчүн "Хизбулланын" Иран жана Сирия менен алакасын, демек "террордук" элементтерди эске алыш керек деди.

Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр кризисти аймактын тынчтанышын каалабагандар жаратып жатат деди.

Анын аралыгында, Ливандын өкмөт башчысы Фоад Синиора Израилди өлкөнү "калаба зонасына" айлантты деп айыптады. Ал араб жана батыш өлкөлөрүнөн жардам сурады. Бирок, Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде согуш аракеттерин токтотууга чакырган билдирүү өтпөй калды.

Ливандын тышкы иштер министри Фавзи Саолук кечээ Араб лигасынын саммитинде сүйлөп, Ливан Израилден компенсация талап кылаарын мындайча билдирди:

– Ливанды Коопсуздук кеңешине арыздануу аркылуу колдоо тууралуу чечим бар. Биз ошондой эле Израилден Ливанга келтирилген зыян үчүн компенсация төлөөнү талап кылабыз.

Саолук андан тышкары араб коңшулары көрсөтүп жаткан колдоого ыраазычылык билдирди.

Израилдин чабуулдарынан Ливанда 106 киши, негизинен карапайым адамдар курман болду. Өлкөнүн инфраструктурасынын көбү, анын ичинде "Eйрут" аба бекети кыйла зыянга учурады.

Жаныл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG