Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

ОШ : ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БИЙЛИКТИ КОРРУПЦИЯДАН ТАЗАЛООНУ ТЕЗДЕТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Оштогу “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмеси мамлекеттик башкарууну реформалоо жана бийликти таза эмес кадрлардан тазалоо талабын ишке ашырууну тездетүүнү талап кылышууда. Коюлган талаптарга үч айдан бери мамлекет башчысы тараптан көңүл бурулбай жаткандыгына тынчсызданышкан ыңкылапчылар президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушту.

Жолугушууда “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков мамлекеттик башкаруунун мүнөзүн өзгөртүү жана иш аракети коомчулукта күмөндүү деп эсептелинген жетекчилерди кызматтан алуу боюнча ыңкылапчылардын курултайынын чечимине мамлекет башчысы тарабынан көңүл бурулбай жаткандыгын билдирди. Быйыл март айында болуп өткөн курултайда жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги кырктан ашуун жетекчини кызматтан алуу талабы коюлган эле:

-Курултайдын резолюциясынын чечимдерин губернаторго, шаардын мэрине, президентке чейин бергенбиз. Бирок, тилекке каршы арадан мына үч ай өтүп баратат, алгылыктуу бир саясий чечимдер болгон жок,- деди Тимур Камчыбеков.

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев айыбын так далилдебей туруп, жетекчини кызматтан алуу оор экендигин айтуу менен бул маселеге кылдат мамиле кылууга чакырды жана ошол эле учурда бийликтин атын булгагандарга каршы аёсуз күрөш боло тургандыгын убада кылды:

-Кадрларга аяр мамиле кылышыбыз керек. Ар бир жетекчини даярдап, коюш бул өтө оор маселе. Бир жарым жылдын ичинде канча жетекчилер келип иштеди. Кадрларга элдин тагдырын чече турган жерлерде сөзсүз түрдө этият мамиле жасап, ар бир кадрды карап, анан кийин гана жыйынтык чыгарышыбыз керек. Кээ бир жерлерин мен туура деп колдойм. Мурунку бийликтин убагында иштеп жаткан жетекчилер иштен кетүүсү керек,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин координациялык кеңешинин жетекчиси Шералы Ураимов болсо 2005-жылкы март окуяларындагы активист ыңкылапчылардын жетекчи кызматтарга көрсөтүлбөй жаткандыгын айтып, бул талаптын эске алынышын баса белгиледи:

-Бийлик системасы толугу менен алмашышы керек болчу. Бирок, белгисиз себептер менен ыңкылаптын алдыңкы уюштуруучулары жана катышуучулары бүгүнкү күнгө чейин иш кызматтарга коюлган жок. Ошондуктан биз төмөнкү маселелерди сунуш кылабыз:
Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине Камчыбеков Тимур Калматовичти, Ош шаардык ички иштер башкармасынын башчысына Капаров Абдылданы, Ош облустук бириккен клиникасынын башкы директорлугуна Акунов Нышанды дайындоону талап кылабыз.


“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Жантөрө Сатыбалдиевден мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин июль айынын аягына белгиленген Ош облусуна болгон иш сапарында аны менен ачык жолугушуу уюштуруп берүүнү суранышты.

XS
SM
MD
LG