Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Бишкекте кылмыштуулук өткөн жылдарга караганда азайууда


БИШКЕК. Бишкекте өткөн жылдарга салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын алты айында көчөлөрдөгү кылмыштуулук 4 пайызга, коомдук жайлардагы тартип бузуу 4,4 пайызга кыскарган. Жарым жылда баш калаада 95 расмий иш чаранын жыйырма алтысы маданий иш чаралар, көпчүлүгү пикет, нааразылык акциялары болгон. Аларга 600 миңден ашуун адам катышкан. Алты айда 5 миңден ашуун кылмыш кылгандар катталып, алар боюнча 4656 кылмыш иши козголгон. Уюшкан кылмыштуу топтордун он мүчөсү кармалып, алтоосуна издөө салынган. Бул маалыматтар Бишкектин ички иштер башкармалыгынын жума күнү өткөн жарым жылдагы иш аркеттеринин отчетунда айтылды.

XS
SM
MD
LG