БИШКЕК. Бүгүн ал кыргыз тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушуп, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, президент Курманбек Бакиевдин Беларусияга расмий сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык мамилени чыңдоого өзгөчө басым жасалды деп кабарлайт тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков. Беларус министри иш сапардын алкагында өлкө президенти жана өкмөт башчы менен да жолукмакчы.