Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

КУМТӨРДӨГҮ КЫРСЫК КЕН КАЗУУ ИШИН ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТТЫ


13-июлда Кумтөр алтын кенинде кырсык болуп, кен казылып жаткан карьердин бир тарабы кулап түшкөн. Бактыга жараша мындан жумушчулар жапа чеккен эмес. Бирок ишкананын билдирген маалыматы боюнча, 2006-2007-жылдары алтын кенин казып алуу боюнча компаниянын мурдатан түзүлгөн планы үзгүлтүккө учурады.

Өткөн жумада болгон бул окуя тууралуу “Кумтөр голд компани” ишканасы дээрлик бир жумадан кийин, 19-июлда ачыкка чыгарды. Компания тараткан маалымат боюнча, өткөн бейшемби күнү кечинде карьердин алтын запасы көп жайгашкан жагы кулап түшкөн. Бул жерден кен казуу быйылкы жылдын этегинде жана эмдиги жылы жүргүзүлмөк. Учурда бул аймактагы казуу иштери токтотулду жана карьерди жаңылоо үчүн кошумча жумуш талап кылынат. Бирок буга карабай “Кумтөрдөгү” кен казуу иши карьердин түштүк тарабында демейки калыбында жүрүп жатат деп билдирет компаниянын маалымат кызматы.

Компаниянын билдирүүсү боюнча, кырсык болгондон кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр жыл аягына чейин казылып алынчу кен мурда паландаштырылган өлчөмдөн аз боло тургандыгын көрсөттү. Жаңы жыл башында компания 2006-жылы 13 тоннага жакын алтын кенин казып алууну көздөп жаткан болсо, азыркы көрсөткүч боюнча бир жыл ичинде тогуз жарым тонна гана кен казылып алуусу мүмкүн. Бул тууралуу “Кумтөр голд компани” ишканасынын коомчулук менен байланышка жоопкер кызматкери Сергей Дедюхин мындайча айтып берди:

-Кырсыктан кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, мурдатан күтүлүп жаткан өндүрүш көрсөткүчү 300 миң унцияны түзөт. Жана алтындын өздүк наркы да көтөрүлөт. Анткени буга кошумча эмгек жумшалат.

Сергей Дедюхиндин айтымында, карьер бортторунун абалы тууралуу мониторинг жакшы жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында кырсыктан жапа чегүү болгон жок.

Мындан тышкары эми Кумтөрдөн казылып алынган алтындын өздүк наркы мурда бекитилгендей унциясына 370-380 долларды эмес, 530 долларды түзмөкчү. Компания муну кырсык болгондон кийинки жумшалуучу кошумча эмгекке кетүүчү каражат менен теңөөдө.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кумтөрдө казылып алынган алтындан кыргыз эли үчүн пайдасына караганда зыяны көп болуп келген. Анын сөзү боюнча алтындын дүйнөлүк баасы бир грамм үчүн 15-16 доллар болуп жаткан азыркы учурда Кумтөр алтын кенин иштеткендер 6-7 доллардан гана баалап жатышат.

Орозбек Дүйшеев Кумтөр алтын кени тоң жерге курулгандыктан, дагы кырсыктар болушу мүмкүн деген пикирин билдирди. Анын айтымында, комбинат курулган жердин алдындагы кум жылып кетпей тургандыгы тууралуу эч кандай кепилдик жок. Ошондуктан, муну илимий жактан изилдеп чыгуу керек дейт адис.

Кумтөр алтын кени дүйнө жүзүндөгү эң ири он кендин бири экени маалым. Аталган жерде 716 тонна алтын бар экени Союз мезгилинде эле аныкталган. 1996-жылдын 17-декабрынан бери иштеп жаткан Кумтөр голд компани ишканасы ушул убакка чейин жыл сайын 20 тоннага чейин алтын казып алып турган.


Замира Кожобаева

XS
SM
MD
LG