БИШКЕК. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров менен кечээ жолугушту. Бекназаров жер-жерлерде Баш мыйзамды талкулоодо адам укуктары, мамлекеттик тилдин статусу, жогорку бийлик кызматындагыларга кол тийбестик, Жогорку Кеңештин түзүлүшү, сот системасын реформалоо жөнүндө элден сунуштар көп түшкөндүгүн билдирген.
Президент жаңы Конституциянын долбоорлорун талкуулоонун жыйынтыктары менен кабардар болду