Кашкасуу коктусу аркылуу келчү Каракол суусу мурда шаардын жогору жагында жаратылыш паркы кайтарууда тургандыктан элге таза жеткендиги айтылат. Адистер жана карпайым элдер булак башына чарба күтүп, эс алуу бөлмөлөрдү салууга тыюуу салганы менен ал жерде жашап жаткан хан сарай ээлерине нааразы. Бирок бул ишке тиешелүү күч органдары тарабынан тыянактуу жооп берилбей келет. Элдин көпчүлүгү түтүктөргө суу бөлүштүрүүчү дарбазанын айланасы ыплас болгондуктан ич өткөк оорусу күчөп барып токтогондун мындайча белгилешти:
- Караколдо бардык суунун тазалыгы жок. Жакында суу түтүктөрүнөн курт эмес жыландар түшкөнү калды го. Таштандыларды ыргытышат.
-Бул суунун башында ат сарай бар. Мончолорду курушуптур анын суулары бул жакка агып жатпайбы
-Балдарга сууну бергенден да коркобуз. Ич өткөк оорулары жүрүп жатат. Кайнатып, тундуруп беребиз. Айла жок,- дешет ысымдарын атагысы келбеген Кашкасуу кичи районунун тургундары.
Бул маселе боюнча Каракол шаардык санитардык-эпидемия станциясынын башкы дарыгери мындай түшүндүрмө берди:
-24 адам ич өткөк менен ооруду деп лабораториялык жол менен белгиледик. Калгандары жугуштуу оорулар менен ооруп кетишти. Себеби ошол учурда кир суу келип калган. Оору жайылып кетпесин деп учурунда сууга хлорду эки эсе кошуп жатышты. Бирок ал ден соолукка зыян,- деди Дүйшөн Сатыбалдиев.
Ал эми Каракол шаар башчысы Орозбек Бектуров Швейцариянын 330 миллион сомдук таза суу долбоору аркылуу суу тазалоочу завод курула тургандыгын билдирип, булак башына хан сарай салып жаткан атактуу кишилер менен бүгүнкү күндө кармашып жатканын жашырган жок:
-Өзгөчө кароолго алынган жаратылыш паркы биринчи кезекте таза туруш керек. 27 үйбүлөөнүн арасынан 15и аттуу-баштуу адамдар. Ысымдарын айтпайм. Бирок бара-бара комиссия караса, суу тазалоочу заводду алардын үйлөрүнүн үстүнө салабыз,- дейт Орозбек Бектуров.
Рита Нурмамбет кызы