Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

БАТКЕНДИН БИР ТУРГУНУ УЛУТУН КЫПЧАК ДЕП ЖАЗДЫРЫП АЛДЫ


Сабыр Абдымомунов, Баткен Баткен районуна караштуу Бужум айылынын тургуну Камчыбек Саматовдун улутун кыпчак деп жаздыруу боюнча арызын райондук сот канааттандырып берди. Бул коомчулукта ар кыл пикирлерди, талаш-тартышты жаратты. Канткен менен баткендиктердин көпчүлүгү буга макул эмес.

Баткен районуна караштуу Бужум айылынын тургуну Камчыбек Саматов кыпчактардын тарыхын отуз жылдан бери изилдеп келет. Жакында ал өзүнө расмий түрдө “кыпчак” деген улутту алганы коомчулук арасында ар кандай талаш-тартыштарды туудурду. Өзүн кыпчак улуту деп эсептеген Камчыбек Саматов ХIХ кылымда Орусия Орто Азияны оңой башкаруу үчүн кыпчак улутун жок кылып, анын ордуна майда улуттарды пайда кылуунун үстүндө иштеген дейт:

- Унутулуп кетип бараткан улутту кайрадан жандандыруу керек. Ушул иштин үстүнөн мен отуз жылдан ашык иштедим. Жазган эмгегимди “Азыркы Фергана өрөөнүндөгү кыпчак тилинин фонетикасы” деп атадым. Жаңы фонемаларды киргиздим. Кыргыз тили кыркынчы жылдардан бери кыпчак тилинин эсебинен байып жатат. Эпостордун баардыгы кыпчакка таандык. Мисалы, “Манас” эпосу, “Эр Табылды”, “Эр Төштүк”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, казактардын “Дедикоркут”, Каракыпчак Каблан”, “Огуз-Нааманын” өзү булардын баары кыпчакка таандык. Ал эми кыпчактардын жок болуп кеткендиги Орусия Орто Азияны басып алгандан кийин орус империясы кыпчактарды жок кылып, анын ордуна башка улуттарды түзүш керек болгон. Колониялык саясатты жүргүзүш үчүн Орусия элди бөлүп салган.

Биз менен баарлашкан жергиликтүү калктын өкүлдөрү болсо кыпчак бул улут эмес, болгону уруу деген пикирлерин айтышты. Баткен районунун тургуну Султан Артыков биз кыргыз болгондон кийин кыргыз бойдон калышыбыз керек дейт:

- Биринчиден бул Камчыбек Саматовдун конституциялык укугу. Антип айтууга укугу бар. Анткен менен бизде кыргыз деген бир эле улут болуш керек. Улут болгон соң уруу-урууга бөлүп, мен кыпчакмын деп өзүн атоо дагы менимче туура эмес. Биз кыргыз бойдон калышыбыз керек.

Облус губернаторунун басма сөз катчысы Жеңиш Айдаров да кыпчак деген уруу гана болуш керек деген пикирин кошумчалады:

- Улутун кыпчак деп жаздыруу таптакыр туура эмес. Анткени биздин улутубуз кыргыз. Ал эми кыпчак деген уруу болушу гана мүмкүн. Мен муну улут катары эсептебейм.

Ардагер тарыхчы Калбай Мадумаров да ушундай эле ойдо экенин жашырган жок:

- Мен Камчыбек Саматовдун жаңы ачылыштарды ачып жатам дегенине кошула албайм. Кыргыз деген сөз эски тарыхтан калган чоң улуттардын катарына кирип калган улут. Кыпчак - кыргыздын бир бутагы, уруунун аты болуп келген жана ошол бойдон кала берет. Кашкардын эң улуу окумуштууларынын, тарыхчыларынын бирөөсү Рашид-ид- Диндин жазуусу боюнча найман, торуайгыр, нойгут уруулары Енесайдан келген. Аталган уруулардын бири катары кыпчак уруусу да келген. Бул уруулардын баардыгын бириктирип, тарыхта “кыргыз” деген улуттук атка конуп калганбыз. Муну бөлүп-жарыштын эч кандай кажети жок.

Баткен райондук соту Памирдин Жумагуловго кайрылганыбызда ал Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 16-беренесинин 12-бөлүгүндө белгиленгендей ар бир атуул өз улутун эркин аныктоого укуктуу экендигин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG