Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

ОШ : ТЕРРОРДУК УЮМДУН МҮЧӨСҮ КУРАЛ МЕНЕН КАРМАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 25-июль күнү таңкы саат болжол менен төрт жарымдар чамасында Ош шаарындагы оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө Өзбекстандын “Ислам кыймылынын” активдүү мүчөсү деп шектелген адам кармалып, анын жанынан эки кол граната табылды. Тартип коргоо кызматы бул операцияны террордук аракеттерди алдын алган олуттуу иш чара катары баалап жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан “Сейил” кафесинин эс алуу бөлмөсүнөн Өзбекстандын “Ислам кыймылынын” мүчөсү деп шектелип, мурда издөөдө жүргөн Бекмурат Каримов колго түшүрүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында Анжиян облусунун Булакбашы районуна караштуу Найман айылынын жашоочусу катары болуп катталган өзбек жараны Каримов жогоруда аталган кафеге жакында эле жумушка орношкон. Аны кармоо учурунда атайын даярдыктан өткөн отряддын кызматкерлерине каршылык көрсөтүлүп, бирок ал курал колдонууга үлгүргөн эмес.

- Аны саат таңкы төрттөр чамасында уктап жаткан жеринен кармашты. Жаздыктын астынан кол гранатасы даяр турган. Отряддын кызматкерлери эч кимге эч кандай зыян келтирбестен кармап алышты,- деди Жеңишбек Ашырбаев.

Жергиликтүү ички иштер органдарынын маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористтик жана экстремисттик маанайдагы уюмдардын ондогон активдүү мүчөлөрү каттоодо жана алардын байланыш жөрөлөрү байкоого алынып турат. Ош шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жалпысынан террористтик аракеттерди жасоого аракеттенген адамдардын үстүнөн төрт факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенүүгө алынып жаткандыгын билдирди:

- Азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү адамдардын баардыгын текшерип иш алып барып жатабыз. Бул “Ислам кыймылынын” мүчөлөрүн баардыгын эсепке алып жатабыз. Алардын үстүнөн бирден-бир анализ жүргүзүп жатабыз. Учурда курал-жарактар табылып, кармалып жатат,- дейт Сүйүнбек Өмүрзаков.

Өзбекстандын “Ислам кыймылынын” активдүү мүчөсү деп кармалган Каримовду кармоо учурунда анын жанынан эки кол граната табылган. Оперативдүү кызматкерлердин айтымында кармоо учурунда ал жардыруучу куралды пайдаланууга аракет кылып, бирок үлгүрбөй калган. Террористтик жана экстремисттик маанайдагы уюмдардын бетин ачуу боюнча оперативдүү иш аракеттерге министрдин орун басары Өмүрбек Суваналиев жетекчилик кылууда.

XS
SM
MD
LG