БИШКЕК. Кыргызстандын экс-премьер-министри Николай Танаев Санкт-Петербургда бийиктиги 300 метр болушу болжолдонгон “Газпром Сити” имаратын курууну жетектейт. Бул тууралуу “Деловой Петербург” гезити жазып чыкты. Анда маалымдалгандай, Николай Танаев жакында “Газпром мунай Инвест” компаниясынын директорлугуна дайындалды. Бул кампания “Газпром сити” долбоорун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы май айында катталган.