Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ТАЛАСТА ЭКИ МЕКТЕП КУЛАГАНА КАЛДЫ, ӨКМӨТ АКЕНИН УБАДАСЫНЫН АЯГЫ ЖОК


Талас жергесиндеги Кайнар, Түйтү мектептери мындан үч жыл мурда бузула баштаганына байланыштуу жараксыз деп табылган. Өкмөт тараптан келип убада бергендеринен майнап чыкпай айыл окуучулары быйыл да мектепсиз калуу коркунучунда турат.

Карабуура районундагы Кайнар мектеби жана Бакайата районуна караштуу Түйтү айылындагы мектеп жер астындагы суу көтөрүлгөндүктөн ным тартып, окууга жараксыз болуп калган. Үч жыл мурун экс-премьер-миниср Николай Танаев жаңы мектеп салып беребиз деп эптеп окуп жаткан Солтонбек Көчөрбаев атындагы мектебинин бир имаратын түп орду менен буздуруп таштаган. Ошол күндөн бери кайрылбаган жерибиз калган жок дейт мектептин окуу бөлүмү боюнча адиси Тургунбек Жаманкулов:

- Суу чыкканда түптөрү, цементтери бузулуп, дубалдарынан жарака кетти. Эскилиги жетти. Бул маселе боюнча 1996-97-жылдардан бери министрге, өкмөткө дагы кайрылып келе жатабыз. Үч жолу премьер министр келди депутаттар менен. Жакында эле Үсөн Сыдыкович келип кетти. Ал дагы убада берип жатат. Негизи быйыл мектептин курулушу башталмак. Бирок каражат жок болуп жатат,- дейт Тургунбек Жаманкулов

Жогоруда айтылган эки мектепте 225 бала окуйт. Мектепти барып көргөнүбүздө дубалдарын жыгач тирегичтер кармап, бурчтарынан жарака кетип, ажырап турганына күбө болдук. Өткөн кышта калың кийим кийип, үшүп окуган Арслан уулу Бекжан мектеп салып бергиле деп төмөнкүчө кайрылды:

-Кышында үшүйбүз. Сырт кийимдерибиз менен олтурабыз. Биз окуй турган мектеп жок.

Бакайата районунун билим жана жаштар саясатынын башчысы Абдыкадыр Сыдыгалиевге кайрылганыбызда:

-Биз дагы тийиштүү жерлерге кайрылып жатабыз. Кудай буюрса оң жагына чечилет деген үмүт менен турабыз. Тегерегибизде эл, окуучулар турат. Баардыгында үмүт бар,- дейт. Абдыкадыр Сыдыгалиев.

Бакайата районунда жалпысынан 24 мектеп бар. Өкмөттүн каржылоосу менен райондо 3416 окуучу балдар түшкү бир маал тамак-аш менен камсыз болуп, ар бир балага беш сомдон каралган. Бугүнкү учурда он жети жылдан бери иштелбей калган мектептердеги ашканалар бир топ менен кыйынчылыктар менен кайрадан оңдолуп жатат.


Уланбек Абдырахманов, Талас

XS
SM
MD
LG