Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Ооганстандын түштүгүндө көп улуттуу күчтөргө командачылык кылуу милдети бүгүн расмий түрдө НАТОго өтөт


Азыркыга чейин бул милдетти АКШ баштаган антитеррордук коалиция аткарып келген эле. Антитеррордук коалициянын аскерлери Ооганстанга беш жылча мурда Талибан режим кулатуу үчүн жайгаштырылган. Командачылык милдетин өткөрүп алуу менен НАТО уюму кургакта жүргүзүлүүчү аскерий операцияларга биринчи ирет тартылмакчы. Өлкө боюнча НАТОго баш ийген эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн саны 18 миңге жетет.

Учурда Ооганстандын түштүгүндө уруштар күчөгөн кез. Өткөн дем алыш күндөрдүн аралыгындагы уруштарда бул аймакта Талибандын согушкерлери делген 30 дай адам жок кылынды.

XS
SM
MD
LG