Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Казакстанда орусиялык ракетанын кыйрашы боюнча кылмыш иши ачылды


Казакстанда орусиялык "Днепр" ракетасынын кыйрашы боюнча кылмыш иши ачылды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, мындай чечим эксперттер ракета кыйраган аймакта уулуу гептил затынын концентрациясы нормадагыдан 1000 эсеп көп болгондугун аныктаган соң кабыл алынды. Окуя 27-июлда орун алган.

Байконур космодромунан учурулган ал ракета Орбитага 18, анын ичинде Беларусиянын туңгуч спутнигин алып чыкмак. Бирок көтөрүлгөндөн 73 секунддан кийин кыйраган.

Казакстандан түшкөн маалыматарга караганда, ракета кулаган жерден алыс эмес жайгашкан кыштактардын бир нече тургундары ден-соолугу начарлыгына даттанып дарыгерлерге да кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG