Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШдан эки кыргыз дипломаты чыгарылды


Бишкек. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин эки кызматкери өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. Азырынча алардын ысымдары атала элек. Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Замира Сыдыкова билдиргендей, кыргызстандык эки дипломаттын чыгарылышы июль айында эки америкалык дипломаттын Кыргызстандан чыгарылышына жооп болду. Чыгарылган дипломаттарга эч кандай кине коюлган жок.

XS
SM
MD
LG