Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

ООБА, УКРАИНАДА ЭМИ ЭЛДЕШКЕН ӨКМӨТ БОЛОТ!


Бүгүн Украин президенти Виктор Ющенко акыры өз оппоненти Виктор Януковичти өкмөт башчылыгына көрсөттү. Ошону менен төрт айдан берки саясий тиреш басандап, арабөк калган экономиканы жолго салууга мүмкүнчүлүк ачылууда. Ошол эле убакта айрымдар Ющенконун Янукович менен саясий мунасасы аны өзүн бийликке алып келген Саргылтым төңкөрүштүн асыл-нарктарын биротоло таштандыга таштаганга тете болот деген кооптонуулар да айтылууда.

Өкмөт башчысын дайындоого бөлүнгөн мөөнөт кечээ 2-августта аяктады, Президент Ющенко таңга маал гана, мөөнөтүнөн эки саат кечигип, өз чечимин түз эфирден жарыялады:

- Буга чейинки айткандарымдан кийин Виктор Януковичти Украинанын премьер-министрлигине дайындоону чечтим. Ошону менен мен кайрадан Батыш, Чыгыш Украинадагы буга байланышкан татаалдыкты толугу менен түшүнөөрүмдү кайрадан баса белгилегим келет. Мен өлкөнү биз сүйлөшкөн иштердин бардыгын ишке ашырып, саясий түшүнүүчүлүккө уникалдуу мүмкүнчүлүк жаралып жаткандыгын көңүлгө алууга чакырам.

Ющенко өз сөзүндө ал Янукович, социалисттердин лидери Олександр Мороз, учурда убактылуу өкмөттү башкарып турган Юрий Ехануров жана өзүнүн Биздин Украина партиясынан Роман Бессмертный менен Улуттук биримдиктин декларациясын түзгөндүгүн бышыктап, бирок анын маңызына кайрылган жок. Болгону декларацияда өзүнүн президенттик шайлоо программасында каралган ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары сакталып калгандыгын кыстара кетти.

Буга чейин Биздин Украина менен Януковичтин Региондор партиясы төрт багыт боюнча – мамлекеттик тил, НАТО менен алака, Орусия менен мамиле жана Украинанын православ чиркөөсүнүн макамы боюнча сөз табыша албай жаткандыгы кабарланган.

Януковичти колдоо менен Ющенко 2004-жылдагы Саргылтым төңкөрүштүн баалуулуктарынан такыр баш тарттып, Украина эми саясатын караманча бөлөк нукка бурабы? Мындай кооптонуулар анчейин негиздүү эмес сыяктанат. Себеби Янукович кечээ Саргылтым төңкөрүш өлкөнү кескин өзгөрткөндүктөн, артка кайрылууга жол жок экендигин моюнга алды:

-2004-жыл бардыгыбыздын көзүбүздү ачты. Биз кимбиз, досубуз ким, биздин өлкө кайда баратат? Ушунун баарын даанараак аңдап калдык. Ал окуялар бизге пайда алып келди деп ойлойм, анан албетте ичтен тазаланууга шарт түздү.

Украинанын жаңы өкмөт башчысы НАТОго кошулушуна каршы экени маалым, ошол эле убакта дал Янукович мурда өкмөттү башкарып турган 2003-жылы Киев бийликтери НАТОго мүчө болууну өлкөнүн стратегиялык максаты деп жарыялагандыгы маалым. Янукович ошондой эле Украинанын Дүйнөлүк Соода уюмуна жана Европа Союзуна кошулушун колдойт.

Башкача айтканда, Янукович президент Ющенконун кол алдында өкмөттү башкарып турганда буга чейинки премьерлер Юлия Тимошенко менен Юрий Ехануровдон кем калбаган батышчыл багыттын уланышын күтүүгө болот.

Албетте Украинанын жаңы өкмөтүнө саясий элитадан көңүл калуучулуктун шартында иштөөгө туура келет. Былтыр Саргылтым коалиция кыйрап калгандан кийин, реформалар дээрлик жүргөн жок, президент Ющенкону саясий чечкиндүүлүгү жок, шайлоодо берген убадаларын аткарбайт деп күнөөлөп келишет. Мына бул украин атуулунун ачуу сөздөрү өлкөдөгү жалпы маанайды таасын чагылтырып тургансыйт:

- Ар бир киши, бүт украин эли тажап бүттү. Ушул баш-аламандыкка Биздин өкмөт менен Ющенко жол берди, колдорунан эч нерсе келбейт, талашкандары эле бийлик. Алар элдин турмушун жакшыртуу үчүн күрөшкөн жок, ушу элди кантип таласак экен деп, кызмат орду үчүн кызыл кыргын болуп жатышат.

Эгер жаңы өкмөт чукул реформа планын кабыл алып, аны ишке ашыра баштаса, албетте Ющенко Януковичти өкмөт башчылыгына дайындаганда өзү айткандай, өлкөнү бириктирүүгө мүмкүндүк алат, болбосо өлкөдөгү бөлүнүп-жарылуу дагы күчөй берээри анык.

Жаныл Жусупжан

XS
SM
MD
LG