Ассамблеянын курултайында сүйлөгөн сөзүндө президент Крманбек Бакиев күчтүү улуттук потенциалы менен бакубат мамлекетти куруу боюнча көз карашын билдирди. Президенттин пикиринде ал үчүн бардык улуттардын өкүлдөру үчүн тең укуктуулукту камсыз кылуу аркылуу бирдиктүү атуулдукту өнүктүрүү, улуттар аралык чыр-чатактарды өз убагында алдын алуу, ар кандай конфессиялардын ортосунда толеранттуулукту чыңдоо жана “Бир Кыргызстан –бириккен калк үчүн” деген ураан алдында бардык улуттардын биригүүсү зарыл.
-Бүгүн өлкө өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Бирок, бүгүн биз цивилизациялуу жана демокатиялык өлкөнү куруунун негиздерин калыптантышыбыз керек. Этникалык ар турдүүлүк өлкөнүн жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурстарынын бири болуп эсептелет , -деп айтты президент К. Бакиев.
Ал белгилегендей, 24-марттагы ыңклаптан кийин өлкөдө стабилдүүлүктү сактап калууга Кыргызстанда жашаган улуттардын өз ара ынтымагы, биримдиги чоң роль ойноду. Ал эми айрым саясатчылардын этникалык маселелерди саясий максаттарда пайдалануу аракеттери ийгиликке жеткен жок.
Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу президент Бакиев:
- Биз кичинекей өлкөбүз. Бирок, биз көз карандысыз суверендүү мамлекетпиз.Биз тышкы саясатта эң оболу Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргогон саясатты жүргүзөбүз , -деди мамлекет башчысы.
Президент өлкөдө административдик, соттук-укуктук тармактагы жана конституциялык реформанын жүргүзүлүшүнө да токтолду. Бакиев белгилегендей,
Конституциянын үч долбоору калк арасында кеңири талкууланат жана мамлекетке кандай башкаруу системасы ылайыктуу экендиги боюнча эл өзү чечим кабыл алат.
Тил маселесине байланыштуу мамлекет башчы кыргыз тили өлкөдө жашаган көп улуттарды, атуулдарды бириктерген тил болушу керек деп белгиледи.
Президент ошону менен бирге ыңкылаптан кийин Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен, ошондой эле АКШ, Россия, Кытай, бир катар Европа өлкөлөрү менен болгон алакалары жакшырганын белгиледи.
Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын айрым өкүлдөрү акыркы мезгилде өлкөдөгү башка улуттардын ичинен сыртка көчүп кеткендердин саны көбөйгөндүгү тууралуу айтышты. Анын себептери жөнүндө Кыргызстандагы чечен улуттук-маданий борборунун жетекчиси Ахмед Черыев мындай деди:
- Адамдар стабилдүүлүктүк жоктугуна кооптонуп атышат, экономикалык стабилдүүлүк жок. Анын үстүнө орус тилинен расмий статусун алуу маселеси көтөрүлүүдө. Жумуш болсо жок. Ошондуктан эл кетип жатат ,– деп айтты Ахмед Черыев.
Ассамблеянын өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн көз карашында, учурда Кыргызстанда улуттар аралык чыр-чатактардын орун алышына коркунуч туудурган жагдайлар жок. Мындай пикирин Кыргызстандагы ингуш улуттук-маданий борборунун жетекчиси Саид Шарипов да айтты:
- Бизде азыр кандайдыр бир улуттар аралык чыр-чатак болушуна же Кыргызстан элинин бөлүнүп-жарылат деген коркунуч жок. Эгерде андай коркунучтар пайда болсо, аларды алдын алуу боюнча ыкчам аракеттер көрүлүшү керек. Биз биригип, улуттарга бөлүнбөй, ынтымактыкта жашашыбыз керек.
Ассамблеянын төрагасынын милдетин аткаруучу Касым Чаргынов Ассамблеянын 2004-2006-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттук докладын окуду. Ассамблеянын иши канааттандырарлык деп табылды.
Уюмдун ардактуу төрагалыгына президент Бакиев бир добуш менен шайланды. Бирок, буга карата ар кандай сын-пикирлер да айтылды. Расмий катталбаган Кыргызстан патриоттук партиясынын төрагасы Назарбек Нышанов бул жөнүндө:
- Бул Ассамблея мурдатан эле бийликке карата кошоматчылыгы менен айырмаланган уюм эле. Азыр да ошол бойдон калды. Президент Бакиевди алар ардактуу төрагалыкка шайлашы бийликтин колдоосуна ээ болуу максатын, экономикалык жактан колдоо алуу максатын көздөйт.
Курултайда Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын уставына толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилди.
Ассамблеянын төрагалыгына делегаттар тарабынан Төлөгөн Рахманов шайланды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабировдун да талапкерлиги көрсөтүлдү. Курултайдын соңунда Кыргызстан элин биримдикке чакырган Кайрылуу кабыл алынды. Анда Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун өкүлдөрү өлкөнүн келечеги үчүн жооптуу экендиги, азыркы кырдаалда улуттар аралык ынтымакты жана тынчтыкты сактап калуу өзгөчө маанилүү экендиги тууралуу айтылган.
Азиза Турдуева, Бишкек