Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

ОРУСИЯ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫН ӨЗБЕКСТАНГА ӨТКӨРҮП БЕРГЕНИ КАЛДЫ


Былтыркы Анжиян окуясына тийешеси бар делинип, Орусиянын Иваново шаарында кармалган 13 этникалык өзбек учурда Өзбекстанга өткөрүлүү алдында турат. Мындай чечимди Орусиянын баш прокуратурасы өткөн айдын этегинде кабыл алды. Бул 13 адамдын 12си Өзбекстандын, бирөөсү Кыргызстандын атуулу. Алардын арасындагы кыргыз жараны Мамиржон Таштемировдун кандуу Анжиян окуясына канчалык тиешеси бар, дегеле анын Өзбекстанга берилишине кыргыз коомчулугу кандай кароодо?

Былтыркы 13-майдагы кандуу Анжиян окуясына тийиштиги бар деп Орусиянын Иваново шаарында кармалган бул атуулдарды Орусия Өзбекстандын суроо талабына ылайык, бул өлкөгө кайтармакчы. Өзбек жарандары Орусияга кантип барып калган жана алардын кандуу калабага канчалык катышы бар?

Анжиян окуясынан кийинки өзбек качкындарына байланышкан маселелерди иликтеп жүргөн оштук журналист Алишер Саиповдун айтымында, бул адамдардын, алардын арасындагы кыргыз атуулунун да калабага эч кандай тиешеси жок:

- Булар Анжиян окуясына чейин эле Орусияда иштеп, соода-сатык менен алектенип жүрүшкөн. Окуя учурунда да, андан кийин да Өзбекстанда болгон эмес. Өзбек тарап Анжиян окуясына тиешеси бар деп суроо жиберген соң, алар камакка алынып, эми Өзбекстанга берилгени турат. Бирок алардын арасындагы кыргыз жараны Кыргызстанга эмес, Өзбекстанга берилип жатканы түшүнүксүз.

Иваново шаарында кармалган бул адамдардын баарына Бириккен улуттар уюмунун качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгы качкын макамын ыйгарган. Бирок, буга карабай Орусия аларды Өзбекстанга кайтарууда. Алардын арасындагы кыргыз жараны Мамиржон Таштемировдун адвокаты Ирина Соколованын «Российская газета» басылмасына билдиргенине караганда, анын Анжиян окуясына эч кандай тиешеси жок. Бул учурда Таштемиров Түркияда болгон. Муну адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев да тастыктап, кыргыз бийлиги өз атуулун коргоого тийиштигин айтат:

- Мамиржон Таштемиров Түркиядан соода иштери менен Орусияга келген учурда өзбек жарандары менен чогуу кармалып калган. Анын Анжиян окуясына тиешеси жок, жөн жерден эле күнөөлөнүп жатат. Эми Өзбекстандагы абал белгилүү, бул адамдар баргандан кийин кыйноолорго же атууга туш болот. Ошого карабай Орусия Ислам Каримовдун режимин колдоп, аларды өткөрүп берүүдө. Кыргыз бийликтери болсо өз жаранын коргогондун ордуна азыр унчукпай отурат.

Кыргызстандын баш прокуратурасынын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев бул окуя боюнча азырынча эч жактан кайрылуу болбогонун айтып, кыргыз жараны Өзбекстанга берилип жатышы боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Эми бейкүнөө эле кишини тигиндей-мындай деп, эч кайсы өлкө, эч кайсы орган жазалай албайт. Мыйзамдуулук деген бардык өлкөдө бар. Ошондуктан бул киши кайсы бир ишке байланып, өзбек тараптын суроо-талабы менен Орусия берип жатканын, Өзбекстанда тергөөгө дуушар болоорун түшүнүш керек. Мыйзамга ылайык,кыргыз жараныбы же башка өлкөнүн жараныбы кайсы өлкөнүн аймагында кылмыш жасаса ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.


Кыргыз жаранынын башка өлкөгө берилип жатышына байланышкан маселе боюнча ириде Тышкы иштер министрлиги тиешелүү иштерди жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок, Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси азырынча бул окуя боюнча кандай иш жүргүзүп жатканы тууралуу эч кандай маалымат тарата элек.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG