Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Ирак башкалаасы Багдаддын Садр районунда айыгышкан атышуу болду


Окуя өткөн түнү болду. Кабарларга караганда, бул жерде атышуу менен катар жарылуулар да орун алган. Багдаддын Садр району шийит согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелинет. Ирактын мамлекеттик телесинин билдиргенине караганда, АКШнын аскерий учактары аймактагы имараттарга сокку урган. Ал эми өлкөнүн коргоо министрлиги учурда Багдадга Мосул шаарынан коопсуздукту чыңдоо үчүн АКШнын кошумча аскерлери келип жатканын маалымдады.

Ал эми кечээ түндүктөгү Тикрит шаарындагы жарылуудан кеминде 15 адам каза таап, 30тайы жаракат алды. Жанкечти өзүн жергиликтүү тургундардын бирин акыркы сапарга узатуу каадасы учурунда жардырып жиберген.

XS
SM
MD
LG