Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Кыргызстандын өкмөтү Нарын облусунун айдоочуларынын талаптарын чечүүгө киришти


НАРЫН. Бүгүн тутуму унаа жана коммуникация, экономика жана каржы, тышкы иштер, ички иштер министрликтердин жана бир катар тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарынан турган өкмөттүк курам Торугарт чегара көзөмөлдөө постуна жөнөп кеткенин Нарын облустук акимчилигинин аппарат жетекчиси Аскат Апсаматов маалымдады. Өкмөттүк курамдын негизги максаты өкмөт башчысы Феликс Куловдун 1-августта чыгарган буйругун аткаруу. Буйрукта айдоочулардын кайрылууларын жана Нарын автожолунун бузулушун жеринде иликтөө жана кароо милдети көрсөтүлгөн экен. Жергиликтүү айдоочулар терминалды жакынкы күндөрдө Атбашы районунун аймагында уюштуруу керектигин, мындай жумуш аткарылбаса Бишкек-Торугарт автожолун тосууга чейин каршылык көрсөтүү туралуу талаптарын билдирип келишкен эле.

Күмөндөр Усупов

XS
SM
MD
LG