Республиканын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигиин баамында майыптардын санынын өсүп жатышына бир нече себептери бар. Биринчи кезекте өлкөнүн экономикалык чабалдыгы, анын кесепетинен келип чыккан элдин жакырданган социалдык абалынан психологиялык чыңалуулар жаралып, көп оорулар элди каптап, акыры майыптыкка алып келүүдө.
Майыптыкка бой ургандардын эң жогорку өсүү деңгээли Нарын облусунда катталса, эң төмөнкү көрсөткүчү Бишкек шаары аталып келатат.
Тукулжурап турган эл, өзгөчө айыл калкынын арасында майыптыктын саны дүркүрөп осүүдө. 2000-жылы республика боюнча 88 миңден ашык майып катталса, 2005-жылы алардын саны 106 миңден ашты.
Социалдык коргооо министринин орун басары Өктөмкан Абдуллаеванын айтымында биз айтып өткөн себептерден сырткары элди медициналык тейлөөнүн начарлашы, дарылоо акысынын кымбатташы элди мүңкүрөтүп койду. Жумушсуздук, жумуш болгон өндүрүш ишканалары жеке менчик болгондуктан көпчүлүк учурларда техникалык коопсуздуктар сакталбаганынын айынан майып болгондор да аз эмес. Акыркы жылдары автооунаалар көбөйгөндүгү, жол эрежелеринин көп бузулушунан улам майып болгондордун саны да өсүүдө.
- 13 пайыз биринчи жолку майыптыкты алып жаткандардын арасында 67 пайызы кокустуктан, 23 пайызы автоунаа кырсыктарынан, 5 пайызга жакынын өндүрүштөн алгандар түзүүдө,- дейт Абдуллаева айым.
Өктөмкан айым биз менен болгон маегинде майыптыкка бараткан дагы бир башка жолду айтып таң калтырды. Анын маалыматында бөтөнчө айыл жергесинде туубаса майып төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Айталы, Кадамжай районунда бир үй-бүлөнүн жети баласы тең майып. Анын себеби элет жергесинде жакын туугандар арасында баш кошкон жаштар көп болууда. Андыктан айылдарда элдин медициналык сабатын жоюу да өзүнчө проблемага боюнча калууда.
Социалдык коргоо министрлигинин алдындагы майыптыкты реалбилитациялоо боюнча медициналык-социалдык экперттик комиссиянын врач-эксперти Аниса Калметованын пикиринде пенсия жашындагы адамдар арасында ден соолугуна байланыштуу майыптык статусун алууга кызыкдар болгондордун саны өсүүдө. Анткени майыптык кагазын колуна алса аларга коммуналдык төлөмдөргө бир топ жеңилдиктер болорун Аниса айым айтты:
-Алар ардагер катары пенсиясын алса, ал эми майыптыгын алганда коммуналдык бир топ жеңилдиктер болорун жакшы билишет. Ошондуктан майыптыгын аныктаган кагаз алганга кызыккандар көп. 1999-жылы пенсия жашындагы майыптар жалпы майыптардын 2 пайызын түзсө, 2005-жылы ардагер-майыптар 16 пайызга жетти , -дейт Аниса айым.
Майыптык статусун алуу да оңой иш эмес. Бир топ мамлекеттик мекеме-ишканалардын эшигин жыртып, ондогон документтерди толтуруш керек. Анан комиссиядан комиссияга барыш керек. Акыры, майып же майып эмес деген кагазды Бишкектен алат.
Алабука районунан Бишкекке ооруканага келген 2-топтогу майып Мурат Миравизов майыптыктан алган жөлөк пулга маарып кетпесе да болгонуна, таманы тешилип жүрүп эптеп майып деген кагаз алганына кайыл:
- Алган пособием өзүмдүн дары-парымдан ашпайт. Укол-сукол алганга эптеп жарайт,- дейт Мурат.
Бакыт Орунбеков, Бишкек