Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Араб лигасы БУУнун Коопсуздук кеңешине Ливанда жарандык согуш коркунучу бар экенин эскертти


Араб лигасынын пикиринде, эгер ок атышуу тезинен токтотулуп, Израил аскерлери чыгарлбаса Ливанда жарандык согуштун оту тутанат. Араб лигасынын делегациясы мындай эскертүүнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Израил менен Ливандагы "Хезболла" тобунун урушун токтотуу боюнча АКШ –Франция даярдаган резолюция долбоорун талкуулап жаткан учурда жасады. Араб лигасынын жүйөөсүнөн улам, кабарларга караганда, АКШ жана Франция резолюция долбоорун өзгөртүүдө. Маселен Ливан документте Израл аскерлерин тезинен чыгаруу талабы да айтылышы керек деп эсептейт. Кабарчылардын билдиргенине караганда, резолюция Коопсуздук кеңешинде эң эрте дегенде бейшембиге чейин добушка коюлчудай эмес.

XS
SM
MD
LG