Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

УЛУТТАР УЮМУ ЛИВАНДАГЫ СОГУШТУ ТОКТОТУУ АРГАСЫН ИЗДЕП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Ливандагы куралдуу кагылышуу бир айдан бери уланууда. Согушту токтотуу боюнча Бириккен Улуттарда кеңири талкуу жүрүп жатат, бирок уюмдун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, кошуна Палестинадагы абал дагы Ливандагыдан жакшы эмес.

Ливандагы куралдуу кагылышууну токтотуу максатында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде бир нече күндөн бери АКШ жана Франция тарабынан даярдалган резолюциянын долбоору талкууланып жатат. Бирок ага Ливандын жетекчилиги каршы чыккан, анткени, Бейруттун пикиринде, анда Израилдин агрессиясы сынга алынган эмес жана жөөт аскерлерин Ливандан чыгарып кетүү талабы коюлбаган. Анын ордуна - бардык кастык аракеттер токтотулууга тийиш деп гана жазылган.

Ливан жана башка араб мамлекеттеринин талабы менен 8-августтан бери резолюциянын текстине кошумча-толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ливандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Тарек Митринин айтымында, резолюция Израилге артыкчылык берүүдө. "Тилекке каршы, резолюция көптөгөн мыйзамдуу талаптарга туура келбейт жана дүйнөлүк коомчулук көздөгөн максаттарга жооп бербейт. Биз баарыбыз билгендей, Израил өз аракеттерин коргонуу деп гана эсептейт жана анын бардык мурдагы согуштары дагы коргонуу деп аталган. Аны эсепке алганда, бул резолюция Ливанды Израилдин каалоолоруна көз каранды кылууда", - дейт Ливан министри.

Франция президенти Жак Ширак 9-августта Тулон шаарынан чыгып сүйлөп, резолюциянын тексти өзгөртүлүш керек жана эгер ага Вашингтон макул болбосо, Франция өз алдынча жаңы долбоор даярдоого даяр деп билдирди. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтондун айтымында болсо, эң негизги максат - азыркыдай абал келечекте кайрадан кайталанбай тургандай шарт түзүү, ал эми ал үчүн "Хезболла" уюмун нейтралдаштырыш керек: "Стратегиялык максат башынан тартып бир - аймактагы абал түп тамырынан бери өзгөртүлүүгө тийиш. Эң негизгиси, биз - Ливандын түштүк аймактарына 'Хезболла' кайра кире албай турганын көздөйбүз", - дейт америкалык элчи.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 9-августта Нью-Йоркто Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса менен жолугуп, маселени талкуулады. Анын алдында болсо Аннан атайын билдирүү жасап, бүткүл Жакынкы Чыгыштагы абал опурталдуу экендиги жана жагдайды калыбына келтирүү үчүн кеңири жана чечкиндүү аракеттер көрүлүүгө тийиш деп жарыялады.

Баш катчынын айтымында, Ливандын түштүгүндө жана Израилдин түндүгүндө болуп жаткан акыркы окуялар канчалык коркунучтуу болсо дагы, ошондой эле өтө оор абал кошуна Палестинада дагы түзүлгөн. Израилдин куралдуу күчтөрү Палестнанын Газа тилкесин дагы бомбалап жатат. Аннандын пикиринде, Палестианын мыйзам чыгаруучу кеңешинин төрагасы Азиз Дуаик Израил тарабынан камакка алынганы - Палестина мамлекетинин келечегине балта чабууда, ал эми бардык эл аралык чечимдер жана документер боюнча Жакынкы Чыгышта эки эгемендүү мамлекет - Палестина жана Израил болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG