Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Израил Ливандын түштүгүндө "Хезболлага" каршы жердеги операциясын кеңейтип, жаңы чабуул баштады


Аскерлер менен зоот техникалар кербенинин өткөн түн боюу Ливандын аймагына ичкерлеп кирүүсүн артиллерия колдоого алды. Мунун алдында Израил өкмөтү жердеги операцияны кеңейтүү планын жактырган болчу. Планга ылайык жөөт аскерлери Литани дарыясын көздөй, бардык багытта Израил-Ливан чек арасынан 30 чакырымдай ичкери кириши керек. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, киргизилүүчү аскерлердин жалпы саны 30 миңдей. Армияга ошол аймакты "Хезболланын" согушкерлери ракета атпагандай кылып тазалоо үчүн 30 күн убакыт берилген. Кабарларга караганда, Израил аскерлери кеминде 10 чакырымдай алдыга жылды, бирок "Хезболланын" согушкерлери менен айгышкан атышууларга туш болду.

Ал эми Ливандын түштүгүндөгү кечээги уруштарда Израил 15 аскерин жоготуп, дагы 38и жаракат алган. Аталган маалыматты Израил телекөрсөтүүсү ырастады. Бул - уруш башталган төрт аптадан бери Израил армиясы бир күндө туш болгон эң чоң жоготуу.

XS
SM
MD
LG