Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Кошмо штаттарга каттай турган жүргүнчү учактарды жардырууну көздөгөн деп шектелген 24 адам Британияда камакта


Британ полициясы бул тууралуу кечээ жарыялаган. Алардын кимдер экендиги, улуту, жарандыгы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Полициянын эсебинде, белгиленген теракттарды жанкечтилер учактардын бортуна колдогу жүгү менен кошо жашыруун алып кирүүчу суюк жана башка жардыруучу заттардын жардамы менен ишке ашырмак. Бул окуядан улам дүйнөнүн аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кечээ Британияга багытталган каттамдар токтотулду. Британ аэропортторунда көптөгөн каттамдар үзгүлтүккө учурагандыктан баш аламандык өкүм сүрдү. Маселен Лондондун аэропортуан миңдеген жүргүнчүлөр өз убагында уча албай калышты. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээги билдирүүсүндө террордук кутумдун бети ачылышы АКШнын "исламчыл фашисттер" менен согушу уланып жатканын көргөзгөнүн белгиледи. Британ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, террордук кутумдун бетин ачууга Пакистандын чалгын кызматынын жардамы болду.

XS
SM
MD
LG