Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бишкектеги Алатоо аянтында Кытай тракторлорун тапшыруу аземи болду


БИШКЕК. Анда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Янянь президент Курманбек Бакиевге 100 трактордун ачкычын тапшырды. Бул айыл чарба техникалары эки тараптуу макулдашууга ылайык берилчү тракторлордун алгачкы бөлүгү. Ал жалпы наркы 100 миллион юанды түзгөн Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен берилүүдө. Президент Бакиев өз сөзүндө Кытайдан быйыл Кыргызстанга жалпысынан 1200 даана айыл чарба техникалары берилээрин айтып, шайлоо алдындагы убадаларынын бири – айыл чарбасын техника менен камсыздоо маселеси чечилип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG