АКШнын Карнеги фондунун Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөө борборунун деректири Пол Салемдин пикиринде, бардык тараптар утулду: "Менин оюмча, бардык тараптар утулду. Израил эч кимге утулбайт, анын армиясы эң күчтүү деген түшүнүк солгундады. 'Хезболла' уюму миңдеген ракетасынан айрылды жана анын Ливандагы кадыр-баркы төмөн түштү. Ирандын Ливандагы таасири азайды. Региондогу АКШнын кадыры болсо дагы төмөн түштү", - дейт Пол Салем.
Бириккен Улуттардын резолюциясы кабыл алынаар алдында Израил өз чабуулун убактылуу токтоткон, бирок ал резолюция кабыл алынгандан кийин тескерисинче, аскерий аракеттерди күчөтүп, эки күн бою чабуул жүргүздү. Италиялык "Репубблика" гезити 14-августта жазып чыкканга караганда, согуш алдында жөөт чалгындоо кызматтары тапкан маалыматтар туура эмес болуп чыккан жана согушту пландоодо дагы Израил өкмөтү көптөгөн ката кетирген, ошондуктан бир ай бою согушуп, Тель-Авив өз алдына койгон максаттарга жете алган жок. Ошол себептен акыркы эки күндөгү чабуул - Ливан менен "Хезболла" уюмуна мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян тийгизүү менен ошол каталарды жабуу максатын көздөлгөн.
Британиялык "Таймс" гезити ошол эле күнү жазганга караганда болсо, жөөт аскерлери "Хезболла" уюмунун жетекчиси шейх Хасан Насралланы өлтүрүүгө аракеттенген.
Бириккен Улуттардын келишимин аткарууда эми кыйынчылыктар да пайда болушу мүмкүн. Резолюцияда - "Хезболла" уюму куралсыздандырылыш керек деп жазылган, бирок, эксперттердин айтымында, ал максатка жетүү өтө кыйын болот. Экинчиден, резолюцияда - эл аралык бейпилдик күчтөр Ливандын түштүгүндө качан жыйгаштырылыш керек экени так айтылган эмес, ошондуктан бул жараян канчага созулаары белгисиз.
Ал күчтөргө өз аскерлерин кошууга азырынча Индонезия, Италия, Малайзия, Марокко, Испания жана Түркия макул болду. Ал эми Ирландия, Финляндия, Франция жана Швеция ойлонуп жатат. Эң көп аскер - беш миңге жакын адамды - Франция жибере тургандай.
Жакынкы Чыгыштагы абал келечекте кантип өнүгөөрү тууралуу даны ар түркүн пикирлер айтылууда. Израилдин "Йедиот" гезити жазып чыкканга караганда, эми жөөт коомунда орчундуу араздашуулар башталат. Башка айрым эксперттердин пикиринде, бул бир айлык согуш ири куралдуу жаңжалдын башталышы гана болушу мүмкүн. Атактуу америкалык журналист Сеймур Херш "Нью-Йоркер" журналында жазып чыкканга караганда, Ливандагы "Хезболлага" каршы согуш баштоо тууралуу жөөт министрлери америкалык жетекчилер менен үстүбүздөгү жылдын май айында эле сүйлөшүп-макулдашкан.