Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ЛИВАНГА ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРЛЕР КИРГИЗИЛЕТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттар тарабынан жума күнү кабыл алынган резолюция боюнча Ливандын түштүк аймактарына эл аралык бейпилдик күчтөр киргизилүүгө тийиш. Бирок ал жараяндын көп жактары азырынча тактала элек.

Резолюцияда 15 миң аскер келет деп айтылат, ага кошумча дагы Ливандын 15 миң өкмөттүк аскери жайгаштырылууга тийиш. Бирок кайсы өлкөлөр аскер жиберээри азырынча так белгисиз. Буга чейин Ливанда эки миңге жакын эл аралык аскер болгон, алардын көпчүлүгү Франциядан келген, ошондуктан жаңы жайгаштырыла турган аскерлерди Франция жетектейт деп күтүлүүдө.

Аскерлер качан жайгаштырылаары да азырынча так белгисиз. Андай тактык талап кылынганда, резолюция жакын арада кабыл алынбайт болчу. Аскерлерди тандап-топтоо иштери эми гана башталды, айрым эксперттердин пикиринде, иш бир нече аптага созулуп кетиши мүмкүн, башкалардын айтымында, аскерлер жакын арада жайгаштырылбаса, куралдуу кагылышуулар кайрадан жанданып кетиши ыктымал.

Эл аралык аскерлер "Хизбалла" уюмун куралсыздандырууга катышаар-катышпасы да азырынча так белгисиз. Резолюцияда - кастык аракеттер кайрадан жанданып кетпес үчүн бейпилдик күчтөрү бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт деп жазылган. Бирок, айрым экперттер чочулагандай, эгер эл аралык аскерлер "Хизбалланын" топторун куралсыздандыруу аракеттерине катышса, анда алар бейтарап болбостон, касташкан эки тараптын бир жагын ачык колдоп жатат деп күнөөлөнүшү мүмкүн.

Башкалар болсо - эл аралык коомчулук эки тарапка тең басым жасап тынчтык орнотууга тийиш деген пикирде. Ал тууралуу "Тагесцайтунг" деген немис гезити 15-августта жазып чыкты. Андай болгондо, алардын айтымында, Израилге да басым жасалууга тийиш, анткени касташуу аяктабай жатканынын себептеринин бири - басып алынган араб жерлерин Израил кайтарып бербестен, аларды түбөлүккө өз аймагы кылып алуу саясатын жүргүзүүдө. Америкалык "Прожект синдикэйт" деген изилдөө борбору жазып чыкканга караганда, Израилдин бир тараптуу саясаты туңгуюкка такалды.

Хизбалла" уюмунун жетекчиси Хасан Насралла - согушта биз жеңип чыктык деп ачык жарыялады жана анын айтымында, "Хизбалла" курал таштабайт: "Америка менен Израил жүргүзгөн акыркы согуштун чыныгы максаты - 'Хизбалланы' куралсыздандыруу болгону бизге белгилүү. Бирок дүйнөдөгү эң күчтүү аскер 'Хизбалланы' курал таштата албайт", - деди шейх Насралла 14-августта.

Израилдин айтымында болсо, Насралла өмүрүнүн аягына чейин жашырынып жашоого аргасыз болгон адам. Ал ачыкка чыгаары менен жөөт аскерлери аны өлтүрөт.

XS
SM
MD
LG