Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ЧЕКИСТТЕРИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫНА АКЫЙКАТЧЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫ?


Кыргызстандын Омбудсмени Турсунбай Бакир уулу Карасуу шаарынын имамы Мухаммадрафык Камаловдун өлүмү атайын уюштурулган деп эсептейт. Акыйкатчынын баамында, бул өлүм Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасы.

Өзбекстан менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын террорго, диний экстремизмге каршы тыгыз кызматташуу максатында жакындашуусу акыйкатчынын тынчсыздануусун туудуруда.

-Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын тыгыз байланышуусуна мен каршымын. Эгерде Өзбекстан алдыңкы өлкө болсо бир жөн. Эмне үчүн биз Казакстан же Россиянын атайын кызматтары менен кызматташпайбыз. Эмне үчүн Өзбекстан менен кызматташып жатабыз? Алар бирөөнү шек санаса эле террорчу, экстремист деп, биринчи атып салат, андан кийин гана тергөөнү жүргүзөт. Бул Кыргызстанга керекпи?- дейт Акыйкатчы Турсунбай Бакир.

Акыйкатчынын пикиринде Өзбекстан авторитардык өлкө, ушул өлкө менен атайын кызматтар өз ара иштешсе бул коопту жагдайды пайда кылат. Мындай пикирге “Дин, саясат жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Орозбек Молдалиев кошула албастыгын “Азаттыка”сүйлөгөн сөзүндө айтты:

-Өзбекстан авторитардык мамлекет экен, алар менен кызматташуу мамилесин түзбөө керек деген туура эмес. Терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө бүткүл дүйнө жүзүндөгү ар кандай системадагы өлкөлөр кызматташып жатпайбы. Андай боло турган болсо Кыргызстан деле авторитаризмден анча алыс кеткен жери жок. Анда терроризмге каршы күрөшүүдө биз менен да кызматташпай койсо болот экенда.

Кара-Суу шаарындагы борбордук мечиттин имамы Мухаммадрафык Камалов террорчу деп айтылып, кийин барымтага алынышы да мүмкүн деген божомолдор айтылды. Турсунбай Бакирдин айтымында, бул атайын кызматтардын алсыздыгын айгинелеп турат.

-Мухаммадрафык Камалов эч кандай террорист эмес, ал диний кызматкер эле. Аны өлтүрбөй эле абакка алса болот болчу. Эми аны атып салып, мүмкүн ал террорчу эле, мүмкүн барымтага алынган эле, эми башыбыз катып жатат. Бул биздин атайын кызматтардын алсыздыгы жана катачылыгы.

Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары тыгыз иштеп жаткандыгы Кыргызстандын түштүгүндө болгон ушул сыяктуу окуяларга алып келиши ыктымал деген ойдо. Орозбек Молдалиев мына ушундай окуялар кайталанбашы үчүн Кыргызстандын атайын кызматтары парламент тараптан көзөмөлгө алыныш керек деген көз карашта:

-Мындай окуялар кайталанбайт же кайталанат деп эч ким кепил боло албайт. Анткени туруксуз мамлекеттерде ар кандай болушу мүмкүн. Ошону үчүн бул атайын кызматтардын, коопсуздук системасынын үстүнөн парламент көзөмөл жүргүзүп турушу керек,-деди Орозбек Молдалиев.

Белгилей кетсек, Мухаммадрафык Камалов 6-августта Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары жүргүзгөн операциянын натыйжасында каза болгон.

 

XS
SM
MD
LG