Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

РОССИЯ БОРБОР АЗИЯНЫН СУУ-ЭНЕРГИЯ РЕСУРСТАРЫН ЧОГУУ БАШКАРУУГА ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗЫКДАР?


Россия президенти Владимир Путин белгилегендей, 16-август күнү Сочиде өткөн Евразия экономикалык шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммиттинде эки маселе: Шериктештиктин жалпы энергия базарын түзүү жана “суу-энергея проблемасы” талкууланды. Батыш байкоочуларынын айтымында, Кремль Борбор Азияда теңорток гидро-энергиялык консорциумду түзүү менен дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү Кытай жана Кошмо Штаттардын Борбор Азиядагы таасирин чектөөгө кеңири мүмкүндүк алат.

16-август күнү Сочиде өткөн Евразия экономикалык шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммиттинин күн тартибиндеги башкы маселе, президент Путин маалымдагандай, Шериктештиктин жалпы энергия базарын түзүү жана “суу-энергея проблемасы” болду.

“Эркин Европа"(Азаттык”) радиосунун талдоочусу Виктор Жасминдин пикиринде, Россия төрт Борбор Азия мамлекети менен орток суу-энергия базарын түзүп, глобалдык атаандаштары АКШ менен Кытайдын Борбор Азиядагы саясый-экономикалык ролун төмөндөтүүнү көздөйт.

Суу Борбор Азия үчүн өтө талуу маселе. Өзбекстан менен Казакстан таза суунун чөлкөмдөгү негизги керектөөчүлөрү. Бирок, суу ресурстарынын дээрлик 80 проценти Кыргызстан менен Тажикстанга таандык жана бул төрт өлкө арасында, айрыкча, жайкы сугат маалында суу боюнча талаш ырбап турат. Андай чатакты болтурбоо үчүн Россия улуттар аралык гидро-энергия консорциумун түзүүнү жана ГЭСтердин курулушун каржылоону сунуш кылган. ГЭСтерди курууга Кыргызстан менен Тажикстанда алсыз, Өзбекстанда ашыкча акчасы жок. Казакстан сууга муктаж, бирок электр энергиясы менен өзүн толук камсыздайт.

Борбор Азия боюнча адистешкен москвалык серепчи Андрей Грозиндин айтымында, энергиянын орток базары түзүлсө, Москва Борбор Азиядагы саясатка таасир этчү күчтүү механизмге ээ болот.

Виктор Жасминдин баамында, Россия башмурапчы болуу менен Кытайга да кетчү арыкты тейлеп калат. Россия дүйнөдөгү таза суунун корунун төрттөн бирине ээ. Ал эми Кытай таза сууга өтө муктаж өлкө.

Суу-энергия проблемасы өтө олуттуу болгондуктан, ЕврАздын лидерлери Сочидеги бейырасмий жыйында бул маселени жабык эшик артында талкуулашты.

Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG