Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Түркмөнстанда "Азаттыктын" кабарчысынын үстүнөн сот иши башталууда


Түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадова июн айында эки укук коргоочу менен бирге камакка алынган эле. Укук коргоочулардын бири мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айып менен ушул жума күнү сот алдына келет. Мурадовага кандай айып коюлганы белгисиз, бирок анын сот иши да жакын арада башталат деп күтүлүүдө.
Азаттыктын президентинин кызматын аткарып жаткан Жефф Тримбл Мурадованын айып коюсуз кармалышын айыптаган. Укук коргоочулар, анын ичинде Мунапыс уюму түркмөн бийликтерин үчөөнө абакта ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу "ишенимдүү маалымат" бар экендигин эскертип, аларды бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG