Ал Ливанга, Израилге, андан кийин балким Иранга, Сирияга токтоп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө. БУУнун башкы катчысы бул сапарга Брюсселде өтө турган Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин жөнөйт. Анын башкы максаты Ливанга бейпилдик күчтөрдү киргизүү иштерин тездетүү болуп саналат.