Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

18:30 Жалалабат облусунун Ала бука районунда кутурма оорусунан бир өспүрүм каза болду


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Алабука районундагы Аккоргон айыл өкмөтүнүн тургуну Шухрат уулу Дастан менен дагы беш адамды май айында күчүк каап алган. 12 жашар өспүрүмдүн оорусу күчөгөндө, туугандары аны Өзбекстандык дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Наманган облустук ооруканасы балага кутурма оорусу жукканын аныктап, дарылоого кеч болуп калганын айтып, үйүнө кайтарган. Анын 23-августта каза болгонун айыл өкмөтү ырастады. Район боюнча төрт айда 51 адамды ит капкан. Учурда дейди иттер менен мышык-келемиштерди жок кылуу үчүн аңчылардын бригадасы иштеп жатат. Жыл башынан бери облуста кутурмадан 3 адам каза болду.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG