Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

ЖАЛАЛАБАТ : КАМАКТАГЫЛАР ЭСИ ООГОНЧО ТОКМОК ЖЕЙТ


Ош жана Жалалабат облусттарындагы убактылуу кармоочу жайлардын шарты начар. Ал жерде камакта отурган адамдардын укуктары одоно бузулууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрсулова аталган облустардын убактылуу кармоо жайларындагы абал менен таанышып чыккандан кийин ушундай маалымат таратты.

Айрыкча, Жалалабаттагы убактылуу кармоо жайында абал оор. Азиза Абдрасулова убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери камакта отургандарды уруп-сабап жатканын белгиледи:

-Камакта отургандарды уруп турушат экен. Эртең менен кечинде эшикке алып чыкканда резина таяк менен уруп турушат. Башына противогазды кийгизип, эс- учун жогтуп койгонго чейин дем алчу жерин бууп кармап турушат. Жалалабат ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун орун басарынын көзүнчө кыйноого кабылган жигитти чечиндирип көрсөттүк. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул боюнча кылмыш иши козголбостон, бул жигитти качып кетти деп отурушат. Ал жерден адам эмес, чычкан да кача албайт.

Азиза Абдрасулованын айтымында, ушул жылдын 5-августунда Жалалабаттын убактылуу кармоо жайында атайын даярдыктагы аскер кызматы тарабынан камакта отургандар массалык түрдө сокку жеген. Ошондон улам ал жерде бир жумага карантин жарыяланган. Камакта отургандарга адвокаттар, тамак алып келген туугандары менен жолугушууга тыюу салынган. Мына ушундай тартиптин кесепетинен абакта отурган жаш жигит эки күн мурда эле кант диабетинен каза болгон:

-Кант диабети менен ооруган жигитке ата-энеси кирип ийне сайып, өз маалында тамак берип турчу экен. Ошол жигит 8-августта эсин жоготуп, областтык ооруканага жаткырылган. Ал да 2 күн мурун каза болуптур. Мындан тышкары кургак учук менен ооруган бала бар эле, биз барганыбызда тура албай, сүйлөгөнгө алы жок жаткан экен. Ооруканга алып баргыла десек болбой коюшкан. Ал бала да каза болуп, кечээ көмүп келишиптир.

Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча бир катар эл аралык келишимдерге жана конвенцияларга кол койгону менен анда жазылган жоболор кагаз бетнде гана кала берүүдө, дейт Азиза Абдрасулова.

Ал буга далил катары түштүк аймакта ушул жылдын 14-июлунан тартып паспорттук режимдин киргизилишин, Базаркоргондо прокурордун санкциясы жок эле үйлөрдө массалык тинтүүлөр болуп жаткан фактыларды келтирди.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир убактылуу кармоо жайларында адам укуктарын коргоонун бир гана жолун көрөт:

-Кармалганда ошол эле күнү сөзсүз түрдө адвокат берилиши керек. Экинчиден, майда кылмыштуулук үчүн камакка албай, акчалай күрөөнү колдонуш керек. Эң негизгиси – прокурорлор тез -тез камераларды текшерип туруусу зарыл. Бизде болсо тез-тез текшермек түгүл, такыр текшербеген прокурорлор да бар,-дейт Турсунбай Бакир уулу.

Азиза Абдрасулованын айтымында, президенттик администрациянын демилгеси менен коомдук көзөмөлдөө институтунун концепциясы даярдалып жатат. Эгер аталган институт иштей баштаса 2007-жылдан тартып укук коргоочулар убактылуу кармоо жайына кирүүгө укуктуу болуп калат. Учурда мындай укукка Акыйкатчы институту гана ээ.

XS
SM
MD
LG